Юридикалык маселелер маалында чечилбесе кеч болуп калат

Алия Калыбаева КР "МКЮЖ жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу иш тобунун отурумунда . Фото: БУУӨП Кыргызстан

Калыбаева Алия Абдысатаровна юридикалык илимдер кандидаты, окутуучу, мыйзам чыгаруучу иш топторунун мүчөсү. Пандемия маалында 112 тынымсыз байланышы аркылуу юридикалык жардам берүү ишин жетектеди. Анын айтымында, юридикалык маселелерди маалында чечүү шарт. Бул өтүшүп кеткен оору сымал – юрист жетишпей калышы мүмкүн, андыктан өз убагында квалифкациялуу юристтерге кайрылуу абзел. Алия Абдысатаровна интервьюда калктын негизги укуктук көйгөйлөрү жөнүндө бөлүштү.

– Жашоо толугу менен укуктарга айкалышкан, юридикалык суроолор биз ойлогондон кыйла көп кездешет. 112 номуруна кайрылуулардын статистикасы боюнча, негизги суроолор төлөнбөгөн айлык акы, эмгек мыйзамындагы кепилдиктердин сакталбаган учурлары, алименттик милдеттенмелердин аткарылбашы, мураскерлик укуктары, үй-бүлөлүк зомбулук. Көптөгөн суроолор мамлекеттик органдар менен иштешүүгө байланышкан, анын ичнде документтер менен түркүн справкаларды алуу а кирет. Андан сырткары, биздин жарандар пенсия жана жөлөк пул алуу жөнүндө көп сурашат.

– Сиздин оюңуз боюнча, эмнеге ушу аспектилерде көйгөй жаралууда?

– Мындай суроолордун жаралышы бир нече оъективдүү факторлорго байланышкан:

– өлкөдөгү катаал социалдык-экономикалык абал жарандардын финансылык туруктуулугу боюнча кабатырлануусуна алып келет, ошондон улам эмгек мамилелери жана тийиштүү жөлөк пул алуу суроолору жаралат;

– туруксуздук, үй-бүлөлүк алакалар боюнча жалпы мамлекеттик идеологиянын жоктугунан улам, көп бүлөлөр мамилесин юридикалык туура кантип жөндөөнү билишпейт, андан улам үй-бүлөлүк талаш-тартыштар жаралууда;

– мамлекеттик аппараттын улам реформалануусу, функциялардын бир органдан башкага өтүшү, мыйзам чыгаруудагы өзгөрүүлөр мамлекет менен өз-ар аракеттенүүнүн жол-жобосунда суроолорду жаратат, мисалга мамлекеттик кызматтарды алууда.

– Калктын 112 тынымсыз байланышына ишеним деңгээлин байкай алдыңызбы? 

– Жок, тилекке каршы коммуникациялык жолдор аны байкап, талдоого жол бербейт. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жарандардын чын дилден билдирген ыраазычылыгын көп уктук, ошол учурлар биздин эмгек текке кетпей, мекендештердин жашоосундагы айрым учурларын жеңилдете алдык деген ишеним берет.

– Тынымсыз байланыштын сапатын, өзгөчө юридикалык бөлүгүндө  дагы арттырууга болобу?

– Айрым учурларда, сапаттуу консультация бериш үчүн иш документтери менен таанышуу зарыл. Андай учурларда, чалган адамды башка адистерге жүздөшүп жолугушууга жибербеш үчүн, документтерин консультанттардын жеке номурарына түркүн месенжерлерге жиберүүгө туура келди. Ушундан улам, мындай сунуш жаралды: тынымсыз байланышты оптимизациялоо катары кошумча опция WhatsApp (вотсап), Телеграм аркылуу байланыш киргизилсе жакшы болмок.

– Бекердин сапаты да начар деген пикир бар экен

– Мындай пикир эң бери дегенде эле негизсиз. Өзгөчө азыр, көптөгөн кыргызстандыктар оорчулук түшкөндө биригип, бири бирин колдоп, ыктыярдуу жардам берип жатканына күбөбүз. Өз тарабымдан баса белгилегим келет, бул кызматтар калк үчүн акысыз болгону менен, юридикалык жардам БУУӨП долбоорунун алкагында берилүүдө жана катышкан юристтердин эмгек акысы төлөнөт. Андыктан, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатынан шек саноого негиз жок.  

-Жалпы калктын укуктук маданияты менен укуктук сабаттуулугун кандай баалайсыз?

– Тилекке каршы, калкыбыздын жалпы укуктун сабаттуулугу каалагандан төмөнүрөөк. Көптөгөн мекендештерибиз үзүк-үзүк маалыматтарды тааныштарынан же интернеттен алышкан. Көбүнесе андай маалымат текшерилбеген, тастыкталбаган болуп чыгат. Акысыз юридикалык жардам борборлору менен 112 тынымсыз байланышы жалпы элдин укуктук маданияты менен укуктук сабаттуулугун жогорулатууда салым кошо алат деп тилек кылабыз. 

Алия Калыбаева интервью учурунда. Фото: Айгүл Кубатова. БУУӨП Кыргызстан
Алия Калыбаева интервью учурунда. Фото: Айгүл Кубатова. БУУӨП Кыргызстан

– Биздин өлкө үчүн калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууда кандай ыкмалар эффективдүү болмок?

– Массалык укуктук агартууну киргизүү эффективдүү болмок. Коомдогу көрүнүштөрдүн укутук негиздери тууралуу тастыкталган маалыматты ЖМК канчалык көп таркаткан сайын, кактын укуктук ой жүгүртүүсү жана сабаттуулук деңгээли ошончолук жогоруламак.

Юридикалык жардам көрсөткөн бейөкмөт уюмдарын күчтөндүрүп, колдоо, кепилденген мамлекеттик юридикаык жардам реестриндеги адвокаттардын санын көбөйтүү, жана ар бир райондо Юстиция министрлигинин Акысыз укуктук жардам борборлорун ачуу коомдун укуктук ой жүгүртүүсүн жакшыртууда роль ойной алат.

-Маектин соңунда биздин коомго кандай каало тилегиңиз бар?

Бирирнчиден, ушул катаал күндөрү аралык сактоо, беткап кийүү жана башка жеке коргонуу каражаттарын колдонуу шарт. Экинчиден, сыркоолонун көрүнүштөрү пайда болсо өз алдынча дарыланбоо. Үчүнчүдөн, юридикалык суроолор пайда болсо да, ошондой эле каалоо – ден соолук сымал эле, өз алдынча дарыланбоо, өз убагында квалификацияланган юристтерге кайрылуу шарт, болбосо өтүшүп кеткен оорудагыдай болуп, юрист жетишпей калышы мүмкүн. Убагында жардамга кайрылуу абдан маанилүү. Төртүнчүдөн, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү бийликтен өз сайттарын жакшылап колго алууну суранат элем. Тилекке каршы, учурда маалымат издеп табуу өтө кыйын, көбүнесе экирген маалымат турат, жарандар керектүүсүн таппай кыйналууда, коммуникациялар заманында “жумушчу уюлдук телефон” алып жүрүү шарт, анткени калн негизине уюлдук байланыш колдонот.

Эң башкысы, өзүңөргө жана жакындарыңарга жакшылап кам көрүңүздөр!

Булак: https://www.kg.undp.org

 

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*