Жалал-Абад шаар жетекчилери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жаңы жыл майрамы менен куттукташты

Жалал-Абад шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тайпасы бар “Каакым” балдар бакчасында балаты майрамы марамдалып, шаар жетекчилери куттуу болсун айтып барышты. Бул тууралу “Какым” балдар бакчасынын директору Динар Токбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган балдар бакчасындагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер тайпасында 11 бала тарбияланат, убак-убагы менен атайын дарыгерлерден кароодон өткөрүлүп, алар үчүн бардык шарттар жаратылган. Ал эми балаты майрамына шаардын вице-мэри, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери барышып, балдар менен чогуу ырдап-бийлеп кайтышкан.

-Балдар эч нерседен муктаж болбойт, себеби аларга зарыл деп эсептелген бардык шарттар түзүлгөн. Биз балдардын көңүлүн көтөрүү максатында  балаты майрамын уюштуруп бердик. Майрамга жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү келишип, балдарды куттукташты жана майрамдык белектерин беришти.  Учурдан пайдаланып, аларга чоң рахматымды айтамын, — дейт ал.

Эске сала кетсек, 28-декабрь күнү шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн областтык Барпы театрында майрамдык ири иш-чаралар өткөрүлөт.

Бактыбек Эргешов

http://kyrgyztoday.kg/ru/news_ky/zhalal-abad-shaar-zhetekchileri-mumkunchulugu-chektelgen-baldardy-zhany-zhyl-majramy-menen-kuttuktashty/

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*