Балыкчыдагы «Наристе» бала бакчасында мүмкүнчүлүгү чектелген 13 бала тарбияланат (фото)

Балыкчы шаарындагы «Наристе» бала бакчасындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды мэрия каржылайт.
Бала бакчанын жетекчиси Мунайым Медеркулованын айтымында, «Наристе» бала бакчасында 2008-жылы «Балдарды сактагыла» фонду жана мэрия тарабынан «Шоола» мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү борбору ачылган.
Бул борбордо 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар тарбияланат. Эмгек жамааттын эмгек акысы жана балдардын тамак-ашы, жол киреси мэрия тарабынан каржыланат.

«Бул күндүзгү жайгаштыруу борбору бала бакчанын ичинде болгондуктан майрамдардагы кечелерди бала бакчадагы балдар менен чогуу өткөрүшөт. «Наристе» бала бакчасындагы балдар «Шоола» борборундагы балдарга майрам сайын концерт тартуулашат. 20 орундуу бул борбордон 9 жылдан бери 72 бала тарбияланган жана учурда 13 бала бар», – деди ал.
Ал белгилегендей, ар бир балага мэрия күнүнө 45 сомдон тамак-ашына, 20 сомдон жол киресине бөлүп берет.
«Балдарды кароодо жетекчи, 2 тарбиячы, 1 жардамчы тарбиячы, эмчи айым, кир жуучу кызматкер иштейт. Алардын маянасы да мэрия тарабынан төлөнөт. Ата-энелер балдарын борборго дарыланууга алып барып турушат», – деди М.Медеркулова.

Turmush 

14.12.2016

http://www.turmush.kg/news:316465/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*