








Ош шаарындагы 1-топтогу майып Гүлбарчын Туйгунова сайманын 5 түрүн билет. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышып келди.
Г.Туйгунова 1982-жылы Баткен облусунун Айгүл-Таш айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын эң улуусу. 17 жашында Ошко турмушка чыгып, 18 жашында кыздуу болгон. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катарына кошулганына быйыл 4 жыл болот.
«Басып жүрүп эле бутум иштебей, эч нерсени сезбей калды. 2012-жылы жүлүнгө операция жасаттым. Эмне себептен баспай калганым боюнча так диагноз жок. Дарыгерлердин божомолунда катуу соккудан улам болушу мүмкүн экен. Турмушка чыккандан кийин, жолум болбой көп токмок жедим. Жолдошум ичкиликке берилген адам эле. Ичкен күнү сабап салчу. Ажырашып кеткенимден кийин, катуу стресс болдум. Ошолордун залакасы тийди окшойт», – дейт ал.
Чебер айым саймаларды колго сайганды жактырат.
«Оңой болсун деп тигүүчү машинага салып коюшат. Ал сайманы колго сайганды унутта калтырып, жаштарды жалкоо кылып жатат. Сайма саюу жашоомдун бир бөлүгү. Өзүмдү алаксытчу жана акча табуучу булак. Арабада отуруп калгандан тартып сайма менен дос болгом. Күнүмдүн көпчүлүк бөлүгү сайма саюу менен өтөт», – деди ал.
Г.Туйгунова кол өнөрчүлүктөн тапкан каражатын кызынын окуусуна жумшайт.
Turmush
11.11.2016
http://osh.turmush.kg/news:314596
Оставить комментарий