Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар оор шартта жашаган 10 үй-бүлө үчүн турак үй курулуп баштады (фото)

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар оор шартта жашаган 10 үй-бүлө үчүн барак тибиндеги турак үй курулуп баштады. Ал үчүн Сокулуктун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнөн 6 сотых жер тилке берилген.
«Кайрымдуу бол» коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлү Азамат Байматов кабарчыга билдиргендей, учурда пайдубалга керектүү цемент даяр.
«Биз үй-жайы жок, мүмкүнчүлүгү чектелген, оор шартта жашап жаткан он бир тууганыбызга үй куруп берүү максатын акырындан ишке ашыра баштадык. Буга атайын демөөрчү деле жок. Болгону кайрымдуу калың эл бар. Мисалы бүгүн цемент алып келип түшүрдүк. Аны өзүбүздүн эле карапайым соодагер мекендештерибиз берди. Курулуш материалдарын саткан байкелер 3-5-10 мүшөк цемент берип отуруп чогулду. Курулуш каражаттары ушинтип эле чогулуп жатат. Тактап айтканда, үйлөр ашар жолу менен курулууда», – деди ал.
Учурда үйлөрдүн пайдубалын тургузуу аракеттери көрүлүп жатат.

Turmush 

22.09.2016

http://osh.turmush.kg/news:311330/?from=kg_turmush&place=rightgall

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*