Сузак районунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында «Биз барыбыз бириксек күчтүүбүз» деген аталыштагы VI облустук спартакиада өтүүдө, деп билдирдиTurmush басылмасынын кабарчысы.
Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жумагүл Эгамбердиева, район акими А.Маматов, акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Асылкан Раманкулова жана район-шаарлардын жетекчилеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары катышууда.
Ыйгарымдуу өкүл мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоо үчүн материалдык жактан камсыздоо багытында колдон келишинче колдоолор көрүлүп жатканын айтып, аларга чың ден соолук каалады.
Спартакиадага жалпысынан 130га жакын мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдар катышууда. Алар спорттун алты түрүнөн: арабада чуркоо, шахмат, шашки, гиря көтөрүү, жатып алып штанга көтөрүү боюнча ат салышууда.
Turmush
14.09.2016
http://www.turmush.kg/news:310806
Оставить комментарий