Cузакта мүмкүнчүлүгү чектелген 61 жаранга арабалар берилди

Cузак районунда мүмкүнчүлүгү чектелген 61 жаранга майып арабалары таратылды. Бул тууралуу район акими А.Маматов билдирди.

Анын айтымында, Сузак районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 8123 жаран бар.

«2016-жылдын 1-сентябрына карата 41 атуулга араба тапшырылды. Ошондой эле, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 87 атуулга ден соолуктарын чыңдоо үчүн санаторийлерге жолдомолор берилген», – деп билдирди ал.

Turmush 

16.09.2016

http://www.turmush.kg/news:310956/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*