Ошто 5 баласына зомбулук көрсөткөн жубайларды ата-энелик укугунан ажыратуу каралууда (фото)

Ош шаарынын Черемушка кичи районунун тургундары 5 баласы бар ата-эне балдарына зордук- зомбулук көрсөтүп жатканын айтып чыгышты.

Алардын айтымында, Элмира Монкоева менен жолдошу Камалдин Азимбаев спирт ичимдигин ичип, 5 баласына тынчтык бербейт. Алар шаардагы социалдык өнүгүү башкармалыгына, милиция кызматкерлерине кайрылып, зомбулук көрсөткөн үй-бүлөнү ата-энелик укугунан ажыратып берүүнү суранышкан.

Бирок, Элмира Монкоева менен жолдошу бул маалыматты четке кагат. Э.Монкоева шаардагы №4 үй-бүлөлүк жатаканада 14 жылдан бери батирде жашайт. Бул жатакана бир топ жыл мурун менчиктештирилген.

Элмиранын айтымында, жатакананын ээси Нурила Сарбалаева, үйдөн чыгаруу максатында балдарын мамлеккетке өткөрүп берип, тартып алууну көздөөдө.

«Менин жолдошумдун биринчи аялынан 2 уулу бар. Мен 2-аялымын. Биздин 3 уул, 2 кызыбыз бар. Эң чоң кызым 6-класста, 2-уулум 5-класста, 3-уулум 2-класста Керме-Тоо мектебинде окушат. 4-уулум 4 жашта, эң кичүү кызым 2 жашта. Мектепке барбаган балдарымды үйдө карайм. Жолдошум базарда араба түртүп иштейт. Мен майда манты сатам. Жолдошум кыжаалат болгондо ичип алат. Биз балдарыбызды багуу үчүн тыным албай иштеп келебиз. Үй-бүлө болгондон кийин казан –аяк кагышып турат. Мени балдарын урат деген жалган жалаа менен, балдарымды мамлекетке өткөрүп берүүнүн аракеттин кылып жатышат. Мен балдарымды эч кимге бербейм», – деди Э.Монкоева.

Аталган аймактын тургундарынын баары Элмира Монкоеванын балдарын урат деп билишет. Кошуналары жолдошу менен аялы күндө ичип тынчтык бербей тургандыгын айтып чыгышты.

«Мен ушул үйдүн эң аксакалымын. Кеч кирди, булардын чыры башталат. Милицияга бере-берип чарчадык. Эч кимге баш бербейт. Балдарын уруп жатканын кошуналар көп ирет көргөнбүз. Балдары көчөдөн эмнени тапса, жеп, курсак тойгузушат. Бир күнү кичүү уулу подъезде уктап калыптыр, тургузсам чочуп ыйлап жиберди. Кошуналарым кирлерин эшикке жая албай калышты, балдары уурдап сатып ийишет. Элмира балдарына энелик кыла албайт. Качан көрсөң таекеси менен тилемчилик кылышат», – деди кошунасы Айсулуу Төлөнбаева.

Ал эми аталган жатакананын башчысы (домкому) Базаргүл Акпарова, Элмирадан үйдү эч ким талашпай тургандыгын, балдары туура эмес, кайырчы болуп тарбияланып жатканынан, мамлектке өткөрүп берүү боюнча тиешелүү бөлүмдөргө кайрылганын айтат.

«Элмира менен жолдошу экөө тең тынбай ичип, тополоң салышат. Кошуналарына батпай, 4 жолу үй которду. Балдарын бычак менен коркутканын барыбыз билебиз. Бөлүштүрөлү десек, бизге да асылат. Күйөөсү кургак учук оорусунун ачык түрү менен ооруйт. Ал 3-уулуна да жуккан. Канча ирет баласын ооруканага жаткыр деп айтык, жаткырган жок. Үйүндө майда манты жасап сатат. Санэпид көзөмөлдөө борборунан текшерип келсе жакшы болмок, кургак учуктун ачык түрү аябай тез тарайт. Биз балдарыбызды сыртка чыгаруудан коркобуз. Биз балдарга боорубуз ооруйт. Булардын тагдырына балта чаап жатышат. Ата-энесинин кылыгын көргөн бала кандай болуп жетилет. Элмира балдарынын эсебинен жакыр үй-бүлө деп, коомдук уюмдардан тынымсыз жардамдарды алып турат. Азык-түлүктөр берилет. Ошого кызыгып, балдарын мамлекетке өткөрүп бербей жатат. Балдарга келген азыктарды аракка алмаштырганын дүкөндө отургандар жакшы билет», – деди Б.Акпарова.

Керме-Тоо мектебинин социалдык адиси Инабат Итиева, бир тууган таекеси балдарды көчөгө алып чыгып, кайырчылык кылдырып жатканына күбө болгонун билдирди.

«Биз бул үй-бүлө боюнча ушул жылдын апрель айында мэрияга ата-энелик укугунан ажыратып берүү үчүн кайрылганбыз. Комиссияга коюлган. Балдарды бири-биринен ажыратпай, багып алуучу үй-бүлөлөргө берели деген ойдобуз. Азырынча токтом чыга элек. 5-класста окууган баласын кургак учукка чалдыгып калгандыктан, ооруканага жаткырдык. Бул үй-бүлөнүн социалдык абалы жакшы болбогондуктан, балдардын окууга болгон кызыгуусу да начар. Биз балдардан кабар алып, үйүнө чейин барып келебиз. Бир жолу барсам, апасынын иниси 2-класста окууган балага кайырчылык кылдырып жүрүптүр. Бизди көргөн бала качып кете албай эле туруп калды. Биз ата-энесине эскертүү бергенбиз», – деди И.Итиева.

Балдардын ата-энесинен запкы жеп, кышкысын көчөдө жылаңайлак калганын милиция кызматкерлери да тастыктады.

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө, балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гульзина Раева, балдар, балалыктын доорун сүрбөй жатканын айтат.

«Биз ата-энесин көрдүк. Экөө тең ичет. Биз эгер балдарды албай койсок, кокустук болуп жаман ишке дуушар болуп калса, биз күнөөлүү болуп калабыз. Балдарына кордук көрсөтсө, биз баланы ата-энеден мамлекетке алып берүүгө укугубуз бар. Учурда сотко берип, сот процесси уланууда», – деди ал.

Балдар ата-энеси бар туруп, ата-эне мээриминен ажырап, жаштайынан уурулук кылып, акча табууну адатка айлантышкан.

Turmush 

06.09.2016 

http://osh.turmush.kg/news:310310

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*