Кыргызстанда 2016-жылы балдар менен үй-бүлөлөр үчүн 8 борбор ачылат

Кыргыз республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги  2016-жылы  республиканын ар кайсы райондоруна турмуш  акыбалы  кыйындап кеткен үй-бүлөлөр менен балдарү чүн  8 борбор ачат. Бул тууралуу  Мнинистрликтин  басма сөз кызматы 17-августта билдирди.

Бул борборлор мамлекеттик социалдык  тапшырманын алкагында ачылат. Ал жерлерде үй-бүлөлүк зомбулуктан же катаал мамиледен жапа чеккен балдар жашайт. Үй-бүлөлөр да ушул борборлордон психологиялык, юридикалык кеп-кеңештерди алса болот.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 2015-жылы министрлик мындай борбордон жетөөнү ачкан. Алардын катарында Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы борбордо оор акыбалга туш болгон  180 балага жардам берилген. 2014-жылы дагы мамлекеттик социалдык тапшырманын алкагында  мындай 4 борбор иштеп баштаган. Бул борборлор 2 жылдын ичинде 374 балага жардам берген.

Министрлик коррупция болуп кетишинен сактанып, анын алдын алууга  жана көрсөтүлүп жаткан жардамдын сапатына олуттуу көңүл бөлүүдө. Бул максатта социалдык тейлөө кызматтарын инспекциялоочу жана мониторинг жүргүзүүчү  Сектор уюштурулган.

Азыркы учурда борбор мамлекеттик социалдык тапшырманын алкагында оор акыбалга туш болгондорго социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнүн тартиби тууралуу Жобону иштеп жатат. Жобонун максаты –  көрсөткөн тейлөө кызматы минималдуу стандартка жооп бербеген мекемелерди өз учурунда  аныктоо, болгон проблемаларды өз учурунда чечүү үчүн зарыл чараларды көрүү, минималдуу стандартты аткарбаган кызмат адамдарын жоопко тартуу.

Касиет Карачолокова -“Сот адилеттигине жетүү”

17.08.2016

Сүрөттүн булагы: http://www.streetchild.ktnet.kg/images/IMG_1143.JPG

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*