Ала-Букада 2-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга жардам берилди (фото)

Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга жардам көрсөтүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Өрүктү-Сай айылынын 1984-жылы туулган тургуну, 2-топтогу майып Турдукан Райымбековага айыл өкмөттүн жетекчилиги 10 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

Мындан тышкары, дары-дармеги үчүн каражат бөлүүнү айыл өкмөт жетекчилиги көзөмөлгө алмай болду.

Turmush 

29.07.2016

http://www.turmush.kg/news:306548

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*