Караколдун тургуну депутаттардан мүмкүнчүлүгү чектелген тууганына жер сурады (фото)

 Каракол шаарынын 1971-жылы туулган тургуну, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Марита Чыпаевага жер тилке берүүнү өтүнүчү менен анын сиңдиси Гүлниза Жаналиева ЖК депутаттарына кайрылды. 

Г.Жаналиеванын айтымында, анын эжеси укпайт жана сүйлөбөйт. Эки баласын жалгыз багат.

«Кызынын да мүмкүнчүлүгү чектелген. Буга чейин бир нече жолу үй берилет деп айтылган. Бирок, жер да берилбей келет», – дейт Г.Жаналиева.

Шаар мэри Д.Арпачиев 2013-жылдан бери шаардан турак жай салууга жер берүүгө мараторий жарыяланганын айтып, мараторий алынса мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жер берүү маселеси эске алынарын белгиледи.

Turmush

28.07.2016

http://www.turmush.kg/news:306441

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*