Акпар Мендебаиров: “БЫДЫРЛУУ ЖОЛ МАЙЫПКА КЕРЕК”

MVI_6115.MOV_snapshot_00.52_[2016.03.11_10.28.23]Акпар Мендебаиров 28 жашта. Оорудан улам көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Ошого карабай көзү азиздердин орто мектебин, Орус-славян университетинин юридика факультетин ийгиликтүү аяктап, азыркы кезде Кыргыз юридикалык академиясынын окутуучусу, майыптарга заманбап техникалык каражаттарды үйрөтүү борборунун устаты болуп эмгектенүүдө. Таяк менен жол таап, жумуштарына жана башка зарыл иштерине бирөөгө жетелетпей эле өз алдынча барып келип, шаар аралап жүрө берет.

 

Суроо: Акпар мырза, көзсүз жашоого көнүү оңойбу?

 

Жооп: Мен Жумгал районунун Байзак айлында төрөлгөм. Жети жашка чейин көзүм көрчү, балдар менен ойноп, мал тозуп эле жүрчүмүн. 2-класста окуп жүргөндө башым ооруп догдурга түшүп калдым, доктурлар сарык деп диагноз коюшту окшойт, бирок борборго алып келгенде көрүү нервинин шишиги деген диагноз коюп операция жасашты. Операция ийгиликтүү болду дешти, бирок ошол бойдон көрбөй калдым. Убакыт менен ага көнүп, моюн сунууга аргасыз болдум. Убакыт баарын айыктырат экен.

 

Суроо: Алты саны амандар менен теңтайлашып жогорку окуу жайында окупсуз…

 

Жооп: 2007-жылы мектепти бүткөн соң Орус-славян университетине тапшырып, конкурс менен өтүп кеттим. Окууга өзүм эле таяк менен басып барып келип жүрдүм. Биринчи курсту бүткөндөн кийин эле компьютер ноутбук сатып алдым. Лекциянын баарын ошого жазып алып жүрдүм. Интернетте электрондук китептер көп эмеспи, аларды пайдаланып, жок китептерди китепканалардан алып сканерлеп көчүрүп окуп жүрдүм. Компьютердин Windows деген программасына JAWS деген программаны кошуп койсо эле андагы маалыматтын баары үн чыгарып сүйлөп турат. Анын бир кемчилиги кыргызча китепти окуй албайт, кыргызча тамгаларды тааныбайт. Ошентип окууну 2006-жылы бүттүм.

Биринчи эле жумушум Ассоциация НПО НКО дегенде болду. Эки ай стажировкада жүрүп, анан юрист болуп иштеп жүрдүм. 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Бирдей мүмкүнчүлүктөр” социалдык борбордо иштеп жүрөм. Компьютерден сырткары көзү азиздерге сенсордук телефондорду кантип пайдаланууну үйрөтөм. Азыр аудиокитептерди да ошол телефондон уксак болот.

Биздин компьютер, телефон сыяктуу заманбап каражаттарды пайдаланып жашашыбызга мамлекеттин салымы жокко эсе. Аны менен негизинен өкмөттүк эмес уюмдар иш кылып жатат. Майыптарга билим берүү жаатында аларга теңдеш иш кылган эч ким жок.

Экинчи жумушум Кыргыз юридикалык академиясында жарандык укук боюнча бир жылдан бери үчүнчү курстарга сабак берем.

Суроо: Үй-бүлө жааты кандай?

 

Жооп: Азырынча бойдокмун. Өкмөт берген жаңы квартирада карындашым менен жашайм. Жумуштарга өзүм таяк менен жол таап барып келем. ЖПС-навигатор дегенди пайдаланам. Кээде анын жардамы менен башта баспаган жактарга да барып калам. Таяк менен басканды билсең, ЖПС-навигаторду жакшы өздөштүрсөң соо адамдан айырма деле болбой калат.

 

Суроо: “Мүмкүнчүлүк түзгөн шаар”, “сүйлөгөн шаар” деген системаларды билесизби?

 

Жооп: Алар тууралуу угуп жүрөм. Бирок бизде алар али жок. Туркияга, Стамбул шаарына барып калдым жумушум боюнча. Анда негизги жерлердин баарында тактильный – быдырлуу жолдор деген бар экен. Бутуңа сезилип турат тротуарда баратканың, тротуар бүткөндө, светофорго келгенде таш болуп калат. Көзү чала көргөндөр үчүн четтери ачык боёк менен боёлгон дешти, мен аны көрө алган жокмун. Бирок быдырлуу жол деген биздин брусчаткаларга же плиталарга караганда көзү азиздерге абдан ыңгайлуу экен. Аялдамаларга келгенде да жол ташка айланып, аялдамалар үн чыгарып турат. “Жаткан полицейский”, өткөөлдөрдөгү кабырга сымал быдырларга кыжыры кайнаган айдоочулар көп. Алар биринчи кезекте биз окшогон майыптарга керек экенин түшүнүшпөйт. Быдырлар болбосо биз жолду кантип таяк менен таап өтөбүз?

Бизде андай шарттарды түзбөсө да, жок эле дегенде тротуарлардын эки жагына бордюрларды коюп беришсе да абдан жеңилдик болот эле. Мисалы, жаңы жасалып бүткөн Токтогул көчөсүнүн тротуарларын жакшы жасашты, бирок анын бордюрларын үнөмдөп коюшту. Биз жолдун чекеси менен жүрөбүз да. Ортосу менен жүрсөң эл таягыңа чалынат жана башка болот дегендей. Бордюр болсо эч кимге жолтоо болбойт эле да көзү азиздер. Анын үстүнө айдоочулардын маданияты да төмөн. Машиналарын тротуарларга, киши басчу өткөөлдөргө токтотуп коюшат.

Бизде да “сүйлөгөн шаар” долбоорун киргизсе жакшы болмок, аялдамаларга, мерчемдүү жерлерге үн чыгаргыч маятниктерди коюп. Биз, мисалы, көнгөн аялдамаларыбызды табабыз, бирок барбаган жерибиздегини эч таба албайбыз да. Аптекаларга жана башка биз көп барчу социалдык жайларга, жер астындагы өткөөлдөргө ошондой үн чыгаргычтар коюлса жакшы болмок да. Элдин баары сыяктуу эле биз да мамлекеттик тейлөө кызматтарына муктажбыз, Ак үйгө, Көк үйгө, министрликтерге иш чыгышы мүмкүн. Алардын эч бирине азырынча өз алдынча барышыбыз мүмкүн эмес. Чет өлкөлөрдө кабинеттердин сыртында атайын азиздер үчүн кнопкалар болот экен. Аны бассаң эмне кабинет экенине чейин айтып турат. Бизде эң оңой иш болгон коомдук транспортто аялдамаларды, автобус-троллейбустун номурун айтып турганды да жасата албай жатпайбызбы.

Жөө кишилер үчүн быдырлуу өткөөлдөр айрыкча маанилүү эле. Мисалы, таяк менен басканды үйрөнүп жаткан көзү азиздер ошондон коркуп өтө алышпайт. Өткөөл менен өткөөл эмес жердин айырмасы жок да бизде.

 

Суроо: Майыптарга мамлекеттик камкордукка бааңыз кандай?

 

Жооп: Майыптарга деп мамлекет акысыз 90 квартира үй берди былтыр эле. Азыркы шартта ушуга да Кудайга шүгүр деш керек. Менин өз шартымды жаман деп айтпайм. Эл катары жашап жатам. Жумуштарыма барып келем. Максаттарым көп. Үй-бүлө күтсөм, азыркы жумуштарымды улантсам, мамлекеттик кызматта иштесем дейм. Эми анын баарын убакыт менен аракет көрсөтөт да.

 

Биринчи топтогу майыптын пенсиясы 3 миң сом. Алардын дээрлик көпчүлүк учурда иштеген жумушу жок. 2-3-топтогу майыптар кайсы бир деңгээлде иштеп жатышат. Ошондуктан, 1-топтогуларга мамлекет дагы көбүрөөк кам көрсө деген ой. Ал аз келгенсип, 1-2-топтогу майыптар эмгекке жараксыз деп жазып коюшат. Жумуш берүүчүлөргө Кудай берди болуп, ошого шылтоолоп андай майыптарды албай коюшат такыр. Ошону жазбай эле коюшса. Анан да мыйзамга ылайык ишканалар жумушчуларынын 5 пайызын майыптардан курашы керек. Ошол мыйзам аткарылса деле биз үчүн бир топ жеңилдик болмок. Ал мыйзам дээрлик аткарылбайт. Ошентсе да эң башкы маселе майыптарга акчалай же материалдык камкордук эмес, аларга майыптыгын түшүнүп мамиле кылуу деп ойлойм. Ошондо көп көйгөй акчасыз эле чечилмек.

                                                                                         Касиет Карачолокова

28.06.2016

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*