1-топтогу майып ата-эне көзү азиз төрөлгөн кызы менен көчөдө калуу коркунучунда (фото)

273369_g

273370_g

273371_g

273372_g

 

 Ош шаарынын жашоочусу Турусбек Урустамовдун үй-бүлөсү жардамга муктаж. Турусбек тубаса көзү азиз. Жакын туугандары жок болгондуктан бирөөнүн жардамына муктаж Турусбек 2015-жылы үйлөнгөн. Аялы өз алдынча баса албайт. Алардын 1 жаштагы кызы дагы тубаса көзү азиз болуп төрөлгөн.

Урустамовдордун үй-бүлөсү А.Шакиров көчөсүнүн №275 дарегиндеги көп кабаттуу үйдө убактылуу баш калкалашат.

«Биз жашаган үйдү шаардык мэрия ипотекага берүү үчүн сатат экен. Кардарлар келип көрүп кетип жатышат. Кардарларга жакса, мэрия биз жашаган үйдү сатат.

Үйдү көргөнү келген кардарлардан, мэриядан дагы үйдү бизге калтырууну суранып жатам.

Кызым да туубаса көзү азиз төрөлдү. Өз алдынча бир нерселерди таап бара албайт. Үн аркылуу гана кабыл алат. Багы жокко дагы жок болуп, колун күйгүзүп алыптыр. Жаш бала көрбөсө кыйын экен.

Аялым дагы биринчи топтогу майып. Эркин баса албайт. Биз 5-кабатта жашагандыктан суу матор менен чыгат. Күн ысык болгон мезгилде чыкпай калат. Андай учурда сууну биринчи кабаттан алып чыгууга туура келет. Кошуналардан көп суранабыз. Кимди көрсөк, суу алып чыгып берүүсүн өтүнөбүз.

Менин абалымды түшүнгөн, кайрымдуу мекендештерден жардам сурайм. Үй-бүлөм менен көчөдө каламбы деп корком», – деди Турусбек.

Турусбек өзү дагы биринчи топтогу майып. Ага жардам берүүнү каалагандар 0(778) 26 59 84 номуру аркылуу байланышса болот.

Turmush 

22.06.2016

http://www.turmush.kg/news:301133

 

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*