Үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен аялдарга юристтин кеп-кеңеши


IMG_0393

 

Биздин өлкөдө үй-бүлөдөгү кыянатчылык көп кездешет. Ошентсе да өнөкөт болуп калган үй-бүлөлүк зомбулук  көбүнчө укуктук маданияттын жоктугунан келип чыгаары байкалды. Мамлекет аялдарды зомбулуктан, кыянатчылыктан коргойт, бирок буга  аялдын өзүнүн каалоосу, чечкиндүүлүгү  керек.  Үй-бүлөдөгү келишпөөчүлүктөрдү албетте, сүйлөшүп, кеңешип, келишип чечсе болот, зарыл болсо сот жана мамлекеттик органдарга, аксакалдар сотуна кайрылса да болот. Үй-бүлө мүчөсүнө күч колдонуп, зомбулук жасоого эч кимдин  укугу жок, мындай иш-аракеттер мыйзам аркылуу жазага тартылат. Буга өлтүрүп коюу, өзүнө кол салып жан кыйууга мажбурлоо, атайылап  саламаттыгына оор  же жеңил залака келтирүү, уруп-согуу, кыйноо, өлтүрөм деп коркутуу, кордоо, сексуалдык зордуктоо жана башкалар кирет.

“Үй-бүлөдөгү зомбулуктан  социалдык укуктук коргоо” (2003-жылдын 31-январында кабыл алынган) Мыйзамына ылайык, биринчиден, эгерде аялга күйөөсү  же башка үй-бүлө мүчөсү зордук- зомбулук  көрсөтсө аял өзү же бул окуяга күбө болгон адам (мисалы кошунасы) милицияга кайрылса болот. Башкача айтканда, жапа чеккен адам өзү же буга күбө болгон адам  милицияга кайрылып, убактылуу кароол ордерин сурап алса болот. Эгерде денесине же  психологиясына залака келбесе кылмыш иши ачылбайт, жөн гана убактылуу кароол ордерин беришет. Мында зомбулуктан жапа чеккен адам менен аны көрсөткөн адамга мындан ары кандай мамиледе болуусун  жазып берет. Мисалы күйөөсү 15 күнгө чейин аялынын жанына жолобойт. Эгерде катуу жапа чегип, ооруканага жатып калса иштин мүнөзүнө жараша ( жеңил жаракат алган же оор жаракат алган  деген беренелер бар) кылмыш иши козголот. Албетте, бул кылмыш иши сотто каралат. Бирок, тилекке каршы, мындай кылмыш иштери сотко жетпейт, анткени үй-бүлө же кайра жарашып алат, же аял ажырашып кетсе деле  арызын алып коет, башкача айтканда энеси балдарынын атасын сөзгө калтырып, кестирип жибергенден тартынат, балдары уялып калбасын дейт. Ушул эле мыйзамга ылайык, соттун кароол ордери деген түшүнүк да бар. Эгерде 15 күндүк берилген мөөнөттүн аралыгында күнөөлүү адам кайра эле баягы жоругун кайталаса,  жапа чеккен адам сотко кайрылып, соттун кароол ордерин сураса болот жана укук коргоо органдарына арыз менен кайрылса болот. Укук коргоо органдары тиешелүү иш-чараларын өткөрүп, ишти сотко өткөрүшөт, сот алты айдын ичинде карайт. Алты айдын ичинде зомбулук көрсөткөн адам жапа чеккен адамга  жакындоого же башка мамиле түзүүгө  укугу жок.

Биздин кризис борбордун клиенттерине ушундай мыйзам бар экендигин айтып беребиз. Бул мыйзамга ылайык  жапа чеккендерге 15 күн убакыт берилет. Ушул мезгилде ал ойлонуп, мындан ары кандай аракет кылаарын чечип  алышы керек: же ажырашып, же жарашып , же түрмөгө кестирип ишти акырына чыгарат. Ошол үчүн бизде убактылуу баш калка  жай иштейт, ал жерде аялдар 21 күнгө чейин жашай алат, реабилитациялык иш-чаралар менен камсыз болот, психологдор, социалдык жана юридикалык кызматкерлер  колдоо көрсөтөт. Андан ары эгерде иш сотто каралып, коргоо зарыл болсо адвокат акысыз   коргоо жүргүзөт. Бир айдан кийин аялдар убактылуу баш калка жайдан кетишет. Бирок биздин иштер бүтпөй калса, аларды транзиттик- социалдык үйгө (ТСҮ) которобуз, ал жерде  бир жылга чейин жашаса болот. Биз негизинен  бала чакасы бар аялдарга  жашай турган  жөнөкөй гана, бир бөлмөлүү  жай беребиз. Аялдар биздин фонддун капчыгына 1000 сом салышы зарыл. Транзиттик-социалдык үй берүүнүн шарты аял жумушка орношуп, балдарын өзү багуусу керек.

 

“Сезим” кризис борборунун адвокаты Ракия Рахматова

«Сот адилеттигине жетүү» сайты үчүн

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*