Коргоосуз калган балдар

0a31371a967ffb31be0ccd1a49943002 (1)

“Эмгекчи мигранттардын тууган-туушкандарынын колунда калган балдары кай бир учурларда чоң адамдардын кыянат мамилесине, каккы-соккусуна кирептер болуп, ата-энесинин мээримин көрбөй өсүп жатышат. Мекенге келип жаткан ар бир доллар бул жакта калган балдардын көз жашы менен ызасына жуулган. Бул муундун балдары чоңойгондо коомго жана мамлекетке өз жообун кайтарат”, – деп жазат Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы атайын ыйгарым элчиси Болот Жунусов өзүнүн “Министрлер жана шыпыргычтар  тууралуу” деген макаласында.

Көптөгөн ата-энелер жетишпестиктин айынан балдарын тууган-туушкандарынын кароосуна таштап коюп ишке кетип жатышат. Расмий маалыматтар боюнча учурда 700 миңге жакын жарандар чет өлкөдө эмгек мигранты катары иштеп жүрүшөт, 56 миңге жакын бала-чака бирөөлөрдүн колунда чоңоюп жатат. Бул үй-бүлөлөрдүн тагдыры ар түркүн: энеси балдар менен калып, атасы кетет же атасы балдар менен калып, энеси кетет, же ата-энеси экөө тең кетип, чоң – кичине балдарын алыс-жакын туугандарына же эң жакшы жагдайда чоң ата-чоң энесине калтырып кетишет.

Балдарды карап калган туугандардын айтымында ата-энелер алгач балдары менен телефондон тез-тез сүйлөшүп,  кабарлашып турушат, улам убакыт өткөн сайын сейрек кабарлаша баштайт, бирок акчаны ай сайын жөнөтүп турушат. Акыркы учурларда үй-бүлөлөр көп ажырашып,  натыйжада ата-энеси бирге кетүүгө аргасыз болуп жатат. Балдарды баккан адамдар аларга өз баласындай карабай, иштетип, уруп-согуп, кай бир учурларда зордуктап жаткан көрүнүштөр да кездешет. Мындай учурда балдар өзгөчө катуу запкы жеп калышат. Ата-энеси жокто балдары кырсыктан же башка себептен улам өлгөн  учурлар да арбын. Мындай кабарды  уккан бир эне баласынын кайгысына чыдабай  Москва дарыясына боюн таштаган .

Мамлекет да өз кезегинде бул балдардын укугун коргоо аракетин көрүп  жатат. Өзгөн райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктук органдын аймактык бөлүмү  берген маалыматтарга караганда 2015-жылдын аягында  Өзгөн району боюнча ата-энеси  тышкы же ички эмгек мигранты болуп иштеп жүргөн балдардын саны 403 кө жеткен.

“Бизде атайын жумушчу топ түзүлгөн, топто  педагогдор, соцкызматкерлер, айыл башчысы бар. Биз үй баш сайын кыдырып, мындай балдардын жашоо  шартын текшеребиз. Мугалимдери менен сүйлөшүп, мектепке барганы, сабакка жетишкени тууралуу сурап турабыз. Балдар иштери боюнча Комиссия менен тыгыз кызматташабыз. Алыс эле туугандарына же тааныштарына деле калтырып кеткен балдар да бар. Мындай үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде баланы  баккандыгы же карап тургандыгы тууралуу документти сөзсүз толтурушун  талап кылабыз”, – дейт Өзгөн райондук балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктук органдын аймактык бөлүмүнүн башчысы Алибаева Максуда.

Психологдордун пикири боюнча, ата-энеси таштап кеткен балдар “мени жакшы көрүшпөйт”, “ ата-энеме менин керегим жок”, “мен ата-энеме ашыкча жүкмүн” деп ойлошот. Кичине баланын түпкүрдөгү сезими өзүн-өзү талкалоого акырындык менен даярдык көрүп  жатканын бала аңдабайт. Мындай сезим баланы бара-бара күтүлбөгөн кырсыктарга, аутоиммундук ооруларга, көбүнчө аллергияга, ревматизмге, тамакка табити тартпай, арыктап-азышына, агрессивдүү жүрүш-турушка алып келет.

Ыза көрүп,  каккы-сокку жеген, кичинесинен турмуштун запкысын тарткан, ата-эненин мээримин көрбөй өскөн бала  чоңойгондо мүнөзү катаал, олку-солку, өзүнө ишенбеген, ичинде  ызасы, кеги бар адам болот. Сыртынан караганда токтоо, бир калыптуу болгон менен бала чагында алган эмоциялык багажы  анын келечектеги жорук-жосунуна, иштерине өтө чоң таасирин тийгизет. Жалпысынан алганда, психологдор далилдегендей, мындай кырдаалда балада бүт дүйнөгө ишенбөөчүлүк, өзүн-өзү күнөөлөгөн, өзүн-өзү басмырлаган сезим калыптанат. Ички рухий күч-кубатынын бардыгы үрөйлөнүп корккон сезим менен күрөшүүгө, жаш кезинде жетпей калган жылуулук, мээрим  издөөгө кетет.  Бала чагында ата-эненин камкордугун көрбөй калган балдар чоңойгондо  мамиле түзүүгө жараксыз болот. Адам бирөөнү сүйүп, сүйүүгө, камкордукка  бөлөш үчүн өзү кичине кезинде сүйүүгө, камкордукка  бөлөнүүсү керек.

“Биз бала кезде  күндүн аптабында, талаада иштечүбүз. Кийим- кечебиз жылаңач – жыртык болчу, айрыкча бутубуз жыңайлак, бут кийим жетишчү эмес. Бирок кечинде үйгө кайтканда бизди энебиз өз колу менен жасаган жылуу нан менен тосуп алчу. Дасторконубузда каймак, сүттөгөн чай, кургатылган тандыр нандан жасалган палоо болор эле. Кечки тамактан соң тамекинин жалбырагын тизчүбүз. Бул учурда бизге энебиз ар түркүн тарыхтарды, жомокторду, аңгемелерди айтып берчү. Ал кезде мен энемдин булардын баарын кайдан билерин ойлочу эмесмин, ал ушунчалык жеңил-желпи баян кылып  айтып берчү. Биз баарыбыз алардын уландысын угалы деп чыдабай күтчүбүз да, майда жумуштун оордугун  байкабай калчубуз. Энем  биздин жашообузду  аз да болсо   көркөмдөп, кызыктуу кылыш үчүн, өмүрдүн баасына-баркына жете билүүгө, өмүрдүн маңызын  түшүндүрүүгө кандай күч жумшаганын мен азыр түшүнүп отурам”, – дейт Жалал-Абад облусунун тургуну Капар Ильязов, өз балалыгын эстеп.

Жакын адамы менен болгон жылуу сезим ар бир адамдын жашоосуна күч-кубат берет. Ал эми бул терең мээрим сезими баланы жашоосундагы эң зарыл нерсе.

Каражат табам деп каңгып жүргөн ар бир ата-эне  алардын максаты балдарына жакшы жашоо камсыз кылуу  деп айтат. Ал эми балдар үчүн өмүрдүн кызыгы ата-энесинин мээримине, камкордугуна  бөлөнүп, алардын кучагында жашоо, кечинде жатарда жомок айтып берип, таңда кучактап- өөп ойготуп сүйүп, эркелетип турган ата-энесинин жанында чоңоюу. Ата-энесинин камкордугунан  өксүгөн, чоочун бирөөлөрдүн каккы-соккусунан жалкыган балдарга материалдык байлык түккө турбайт.

Мындай кырдаалда ким күнөөлүү? Жумушчу орундарын түзүп,  өз жарандарын жумуш менен камсыз кыла албаган мамлекетпи? А балким, балдарын алыс-жакын туугандарына таштап коюп кеткен ата-энелерби? Же баш-аягы башаламан  коомдук баалуулуктарбы? Ата-энелик милдетти түшүнбөөчүлүкпү? Же бала тарбиялагандан көрө иштегенди жогору койгон азыркы замандын   аялдарыбы?

Бардыгында чындыктын үлүшү бар. Бирок, коомдун ар бир мүчөсү  ойлонуп, ченеп бычып аракет кылуусу зарыл:  тукумун татыктуу улаган, келечекте өз мекенин башкарып, өнүктүрө турган , өзү үчүн өзү жооп бере алган, бактылуу балдарды тарбиялоо дайыма көңүлдүн борборунда болуу керек.

 Автор: Касиет Карачолокова

21.06.2016

Сүрөт бул сайттан алынды: http://pochemychka41.blogspot.com

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*