КЕЛИНДЕРДИН КЕБИ: АЛЛА, САБЫР, КЫЗДЫК

?????????? ?????, ?????????? ??????, ???????? ????, ?????? ????, ?????? ????????, ???????? ???????, kirgiz kinoloru, kyrgyzskie filmy, kyrgyz kino, kirgiz kino

Жакында “Блог, который никто не читает” деп аталган баракчада “Инстакелиндер  эмне тууралуу сүйлөшөт: сабыр, аллах, ……….” деген материал жарык көргөн. Автору Бермет, өз материалында кыргыз келиндеринин көйгөйлөрү, кыйынчылыгы, жашоо шарты, көз карашы тууралуу жазат.  Сиздерге бул материалды кыскартып сунуш кылабыз.

КЕЛИНДЕРДИН КЕБИ: АЛЛА, САБЫР, КЫЗДЫК

 Кыргыздын карапайым келиндерин эмне түйшөлтөөрүн  эки интаграмдан көрөбүз: алар – жаш энелер жана келиндердин клубу. Ар бир аккаунтта 23,5 миңден 50 миңге чейин келиндер жазылган. Инстаграмдагы келиндердин аты-жөнү жок тарыхтарын, аларга жазылган жоопторду  окуп отуруп кыргыз аялдарынын чыныгы акыбалын көрдүм: бул кайгылуу акыбалды эч бир статистика көрсөтө албайт. Үй-бүлөлүк,  көр тирлик көйгөйлөрүн талкуулашкан  бул жазмаларда олуттуу проблема – улуттук масштабдагы түркөйлүк жатат.

 Эртелеп  эрге тийгендер

 Кыргызстанда  аялдардын 12 пайызы 18 жашка толо электе эле эрге тийишет. Мыйзам боюнча буга тыюу салынган менен нике “асманда” кыйылат.

Инстаграмдагы жазуу:

Ата-эне баласын эч качан жамандыкка кыйбайт, ишенип койгула! Ата-энеңерди угуп, алардын батасын алгыла, алар кимге күйөөгө берип жатканын билишет!! Ата-эненин  айтканына моюн сунуп , батасын алып, күйөөгө чыккан кыз бактылуу болот, мындай никени Алла өзү жарылкап, узак жана бекем болот, ата-эненин батасы ыйык!

 Жарандык укуктар жана үй-бүлөдөгү кыянатчылык

Азыр балакатка жете элек жаштар үй-бүлө курууга ашыгышат, ушундан улам мектептерге укук боюнча сабак киргизүү максатка ылайык. Паспорттогу нике тууралуу расмий штамп, туура толтурулган документ жок дегенде эри менен ажырашып калган учурда аялга аз да болсо кепилдик берет. Муну ар бир бойго жеткен кыз билүүсү зарыл. Эгер эри сабап салса өзүнө окшогон келиндерден кеңеш сурабай, жардам же калка сурап кимге кайрылууну билүүсү керек. Түбүнө тартып күйүп калган тамакты, эри сураганда денесин  бербей койгонун же  төшү ачык көйнөк кийгенин шылтоолоп уруп-сабоо эч кандай акталбайт, мындай жорук үчүн ар бир аял милицияга арыз жазуусу керек. Ушуну ар бир кызга кичине кезинен үйрөткөн туура.

Ал эми жаш балдарды болсо кыздарды сыйлоого, аларга кыянат мамиле жасабоого үйрөтүү керек,  эгерде кызды ала качып же денесине залака келтирип, же сексуалдык зордук кыла турган болсо жазаланаарын айтып коркутуу зарыл.

Инстаграмдагы жазуу:

Кечээ классташтардын кечесине барып, түнкү саат 12де үйгө келдим ( алдын ала суранып, үйдөгү жумуштун баарын жасап бүткөрүп коюп кеткем), эшиктин коңгуроосун бастым эле атам чыга калып (биз кабат үйдө жашайбыз, эшик тепкич тарапка  чыгат)  мени кабат тепкичке түртүп жиберди.Мен жыгылып кеттим, мойнум сынып кала жаздады, артымдан сумкамды ыргытып, жогол, экинчи көзүмө көрүнбө деп эшикти жаап алды. Бутум ооруп сылдтып араң турдум. Өткөндө да ушинтип урушуп, мени үйгө камап алып, алып ыргытып сабап, бетке-башка койгулаган, атамдын ачуусу келгенде өзүн унутуп коет, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калат, бирок атам жакшы эле, мен эмне кылаарымды билбей калдым…

Мени эримдин ачуусу өтө чукул, мурдунун учунда, оозумду ачып сүйлөсөм эле ачуусу келип, сөгүп-сагып, башка коет, муштумун жумшайт. Ага жакшы да айттым, жаман да айттым, коркутуп да көрдүм, баары бир. Боюмда барда уруп-согуп көгала болуп жүрдүм, себеби мен кичине кабак-кашымды бузуп койчумун. Боюнда бар аялдар ошондой болот эмеспи. Ал муну түшүнбөйт. Буларды эч кимге айтчу эмесмин, бирок ичимден жарыла жаздап, бир күнү кайненеме айтсам,кайненем анын баласы эң жакшы баланын бири, өзүң күнөөлүүсүң да, өзүң жеткирип жатсаң керек деп кайра оозумду басып салды. Мен өзүм аны жадатып жатам го деп унчукпай калдым, бирок бул эки жылдан бери созулуп келатат.

 Мен боюмда бар кезде, кыштын суугунда тышка кубалап чыкчу. Ай-күнүмө жеткенде кызымды операция жасап алышты, күйөөм бир аз жумшай түштү да бир аздан соң баягы эле жашоо кайра башталды. Операциядан кийин жакшы тыңый албай, үйдөгү жумушту бүтүрө албай калсам да , бала түнкүсүн ыйласа да жинденип ура баштады. Семиз тоокко окшотуп, башка да жаман сөздөрдү айтып кордой берди, мен боюма бүтүп сегиз ай болгончо иштеп жүргөм, эми жарым жыл бала менен үйдө отуруп калсам чыдай албай кетти.

 Мен эримден кетип калгым келет, барчу жерим жок, квартира жалдаганга шартым жок, барымды эрим бүт сатып түгөттү. Балдар менен көчөгө түнөгөндөн чарчап бүттүм. Айткылачы, кантип кутулам? Бир эле жол бар – өзүмө өзүм кол салып жан кыйыш керекпи?

 Эрге тийгениме бир жыл болду, боюмда бар 7 ай болду, бүгүн эрим сабап салды, ыйлап  жанымды коерго жер таба албай жатам. Баары эримден туфли сатып бер деп сурагам ушундан башталды. Эртең тойго бармакпыз, кийээрге эч нерсем жок. Ал болсо балага акча топтош керек дейт. Мурда да урчу.

 Эки кайнежем бар, эртеси экөө келип, мен ошол учурда муздаткычты жууп-тазалап жаткам, дароо мага кол салышты. Бири кокодон алып муунта баштады, оозумдан кан атып кетти, бири чачымдан сүйрөп жула баштады, мен кыйкырыа баштадым… дагы жакшы күйөөм үйдө болчу, чуркап келип мени ажыратып   калды да  тигилерди өз ордуна койду. Ошол эле күнү буюм-тайымыбызды жыйып алып көчүп кеттик

 Динге берилүү

Аялдардын инстатопторундагы жазууларда “эальхамдлиллях” и “иншаллах” деген сөздөр абдан көп. Бул эч нерсе эмес. Аялдар жарандык укугун билбегени, бирок, мени намаз-дуба жаман нерседен коргоп каларына толук ишенгендиги  тынчсыздандырат. Бенджамин Франклиндин “Ким өзүнө өзү жардам берсе гана Кудай ага жардам берет” деген сөзүн эстейм.

Инстаграмдагы жазуу:

Намаз окусаңар, жаман ойлордон арыласыңар.

 Эгер сиз тиги адамга дуба окуй берсеңиз ал дагы тынч алып калат

 Намаз окуган эркекке күйөөгө чыгуу керек, андай эркек баарын түшүнөт, түшүнүг жоктор ар түркүн жоруктарга барышат эмеспи.

 Аялдардын өзүн өзү жек көрүп, өзүнө өзү каршы чыгуусу

Эректерди – аялынын  көзүнө чөп чалган же урган , аялдарды алдаган, жалкоо  эркектерди инстакелиндер “эркектердин жаратылышы ошондой” деп актап жазышат. Башкасынын баарына аял күнөөлүү. Никеге чейин кыздыгын алдырып койсо кыздын күнөөсү, азгырыкка чыдай албай берип койдуң. Көп иштеп эриңе көңүл бура албай калсаң, эркек сага кызыкпай калса  аялдын күнөөсү – эриңди мойнуңа отургузуп алып жаман үйрөттүң. Уруп сабаса аял күнөөлүү – өзүң тилиңден таптың. Ажырашып балаң менен калса –  аял күнөөлүү, үйдүн очогун сактай албай койдуң, эми отур, дагы бирөөнү күтүп, балким жолуң болуп дагы бир эр чыгаар, сени алам деген.

 Инстаграмдагы жазуу:

 Жакшылап ойлонгула! Бүлө курганыңарга аз эле болду да. Бал кичине, өз атасындай баланы ким сүйөт!  Болуптур уруп коюптур, бирок силерде да бар да? кантип эле үндөбөй турсаңар уруп салсын! Баланы атасыз өстүрө аласыңбы, ушуну ойлон!

 Силер КЕЛИНСИҢЕР, өз ордуңарды билгиле! Кайнене силерге баласын чоңойтуп, тарбиялап силердин койнуңарга салып берди го! Ушул үчүн да силер күйөөңөрдүн энесин сыйлашыңар керек! КАЙНЕНЕ бул үйдүн каныщасы, эмне кааласа ошону кылат…

 Өзүңөр күнөөлүүсүңөр, эркекти туурап колуңарга сийип, эркектин милдетин мойнуңарга жүктөп алгансыңар.

 Аялы өзүнөн тыңыраак болгонду бир да эркек жактырбайт.

Аялдар бири-бирине  өз тирлигине тың болуп, туура мамиле түзгөндү, өзүн сыйлап, бирөөдөн да ушуну талап кылганды, өз укуктарын билип, өзүн коргогонду үйрөтпөйт. Тескерисинче,  эрине, балдарына кам көрүп, ошолор үчүн жашаганды, же тым болбосо Кудай үчүн жашаганды үйрөтөт.

Аялдар бири- бирине митаамыраак болуп, ажырашкан күйөөлөрүнөн же ойношторунан өч алганды үйрөтөт. Бирөөнүн ойношу болгон аял дүйнөдөгү эң жаман жан, үй бузаар, аларды адатта инстатоптор  “айбан”. “сойку” дешет. Ошол эле учурда “эальхамдлиллях” и “иншаллах” менен оозанышат.

Инстаграмдагы жазуу:

Эриңди жакшылап карма, азыр колго жеңил кармалган кыздар көп, азгырып кетет. Кечириш керек. Үй-бүлөнү, баланы ойлогула.

Чынымды айтсам мен чыдайт болчумун. Кетип калганда эмне табасың? Үй-бүлөң бузулат. Балдарың атасы жок өсөт. Өзүң жалгыз каласың, эрге тийип чыккан деген жаман атың калат. Эриң да эки ортодо кыйналат. Сен көбүрөөк кыйналасың.

 Эрим да айтат: сага жакпаса кете бер деп. Мен тилимди тиштеп чыдап жүрөм.

Менин оюмча, силер балалуу болсоңор мамилеңер жылып, ынтымакка келесиңер. Бала деген бакыт, сүйүү, ысык сезим алып келет эмеспи. Балалуу болсоңор эле баары жакшы болуп кетет.

 Бала туулганда эле баары жакшы болуп кетет деп ойлогом, тескерисинче, жаман жагына айланды.

***

Бала никени чыңдап турган ыйык күч деп ойлошот, Бала га карап эрим да кайрылат дешет. Ошол үчүнбү, тегеректе ырайымсыз ата-энелер менен бактысыз балдар көп.

Мен бул аялдарды күнөөлөбөйм. Өз пикирин жазган аялдарды да. Тескерисинче. аяйм. Өзүм дагы ушундай эле үй-бүлөдө өскөм, үй-бүлөдөгү кыянатчылыктан жапа тарткам.

 Бул аялдар  азапка туулгандар. Өз жынысынын азабын чеккендер. Салт-санаанын,  туура эмес пикирлердин, коркоктуктун,  билимдин жетишсиздигинин, келесоо мыйзамчылардын жана алсыз. акыйкатсыз соттун курмандыгы. Эрлеринин, энелеринин, кайненелеринин курмандыгы. Курмандыктын күнөөсү болбойт. Бирок өздөрү кырдаалды колго алып, өзүн өзү баса бербей, башкаларга жардам берип, өзү баскан жолду башкалар баспасына көмөктөшүү алардын колунан келет.

Автор: Бермет Талант

Перевод: Касиет Карачолокова

20.06.2016

Оригинал статьи: https://serouparecer.com/2016/05/31/instakelinki/

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*