Майып жубайлар көчөдө калуу коркунучуна кептелди

 

Мамлекетке үнү жетпей жаткан майып жубайлар, баш паанеги жок көчөдө калуу коркунучуна туш болду. Ош шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жубайлар ымыркайы менен бараар жери жок. Учурда мэрия аларды жашап жаткан батирден чыгарууда. Үй-бүлө башчысы 26 жаштагы Дурустун көзү азиз, жубайы болсо омуртка сөөгүнөн тубаса майып, жакшы баса албайт. Ал эми бир жарым жаштагы наристесинин көзү көрбөйт. Баспай калуу коркунучу да бар, дешет дарыгерлер. Үй-бүлөнүн болгон кирешеси – 6 миң сомдук пенсия. Батирге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жубайлар коомчулукка жардам сурап кайрылууда.

17.06.2016

http://nts.kg/majyp-zhubajlar-k-ch-d-kaluu-korkunuchuna-kepteldi/

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*