Дилбара Кыдырбаева, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аял: “ҮЙҮМ БАР ЭКЕНИН 7 ЖЫЛДАН КИЙИН БИЛДИМ”

11

 

Кеңсебизге бири-бирин жетелеп, ысыктын күнүндө нымдалыша тердеп майыптар тобу кирип келишти. Алар“Бир жарым жылдан бери Кыргызстандын Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы мыйзамсыз иш-аракеттерди ашкерелей албай убарабыз” дешет. Алардын айтымында, бул коом монархиялык коом болуп калган. “Ак үй, Көк үйдүн алдында митинг уюштура берип тажаганда маалымат каражаттарына кайрылууга аргасыз болдук” дейт каарманым.


“КӨЗҮМӨ КИСЛОТА ЧАЧЫЛЫП, КӨРБӨЙ КАЛГАМ”
Дилбара Кыдырбаева 1-топтогу майып. Эки көзү тең көрбөйт. Ал 7 жыл мурун үйлүү болгонун жакында эле билген. Бирок аталган үйдө ушунча жылдан бери дени-карды соо эле адамдын үй-бүлөсү жашап келгенин айтат.
– 2008-жылы жолдошум кызганычтын айынан бетиме кислота чачып жиберип, эки көзүм тең көрбөй калган. Эки балам бар. Күйөөм сотто мага өмүр бою колума кол, бутума бут болом деп сөз берген, ушул күнгө чейин чогуу жашап келебиз. Ата-энем каза болгондон кийин алардан калган үйдө үй-бүлөм менен жашап калдым. Ошол эле жылы 1-топтогу майыптык алгам жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары Токмок шаардык дүлөйлөр жана азиздер коомуна мүчө болуп кирдим. Коомго мүчө болгонум менен, үй алуу же башка жардам берилет деген үмүт болгон эмес. Токмок шаардык дүлөйлөр жана азиздер коомунун жетекчиси Бактыбек Исмаилов“Өзүң томолой жетим экенсиң, Бишкектен үй алып берели”,- деп калды. Ал кезде көзүм азиз болуп депрессияда жүргөндүктөн маани деле берген эмесмин. Ошондон кийин мени Токмок шаарынан каттоодон чыгарып, Бишкек шаарына каттоого тургузушуптур. Муну билген эмесмин.
2010-жылы Токмок шаардык социалдык коргоо бөлүмүнө майыптыгыма чегерилген жөлөк пулду алайын деп барсам, “Сен бул жакта эмес, Бишкек шаарында каттоодо турасың. Ал жакта сенин 1 бөлмөлүү батириң бар турбайбы” дешти. Бишкекте үйүм жок эле деп таң калдым. Баламды жетелеп алып жетекчибиз Бактыбек Исмаиловго барып “Менин наамыма жаздырып үй алган турбайсызбы, бул кандайча?” десем, ал “аламбы, албаймынбы, аны менен сенин ишиң болбосун” деп койду. Ошону менен колумдан эмне келмек эле деп унчукпай кала бергем.

“ИСМАИЛОВ “МЕНИ АРАЛАШТЫРБА” ДЕДИ”
Быйыл 2016-жылдын март айында мага кимдир бирөө жашыруун номер менен чалып, “Бишкек шаарынан сенин наамыңа батир алынганын билесиңби?” деп сурады. Менин “жок” деген жообумду уккан соң анын ким экенин сурагыча телефонду коюп койду.
Ошондон кийин Исмаилов мага телефон чалып “үйгө келип кетчи” деди. Барсам “2009-жылы сага Бишкек шаарынын 6-кичи районунан үй алганбыз. Сен убактылуу ошол дарекке барып тур. Ал жакта менин келиним жашайт. Текшерүү келип, үй кимдин наамында экенин сурайт. Сен ал жакка мени аралаштырба. Мен өзүм чуркап жүрүп ушул батирге жеттим деп айт”,– деди. Унчукпай чыгып кетип калдым. Акыры текшеришкен окшойт. Телеканалдардын бирине майыптардын үй маселеси тууралуу талкууга чакырылыптыр. Менин көзүм көрбөсө да кулагым угат. Ошол жерде Бактыбек Исмаилов түз эфирден “үйдүн ачкычы Кыдырбаеванын өзүндө!” деп кыйкырды.
7 жылдан бери үйдү эмес, короосун да көргөн эмесмин. Ошондон кийин Бишкекке жумуштап кеткенимде Бактыбек Исмаилов аялы менен келип жолдошума ачкыч менен үйдүн документтерин таштап кетиптир. Үйгө келсем кошуналар кагазды ачып үй тууралуу токтомду окуп беришти. Көрсө, 2009-жылы өкмөт томолой жетим, майып деп менин наамыма Бишкек шаарынан үй берген экен. Ушул кезге чейин ал үйдө Бактыбек Исмаиловдун уул-келини жашап келиптир. Мага документти таштап коюшуп, 29-майда түнү менен уул-келинин көчүрүп кетишиптир.

“АКТИВИСТТЕР СИЗОДО БЕЙКҮНӨӨ ЖАТЫШАТ”
Алтынбек Тобокел уулу дагы ушул эле Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү. Анын айтымында, үйгө ээ болгон адамдардын көбү дени-карды соо, төрага Калык Мамбетакуновдун тааныштары жана туугандары.
– Коомдун карамагында Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаарлары боюнча көп кабаттуу үйлөр, батирлер, нечендеген мурдагы завод-фабрикалардын имараттары бар. СССР тарагандан кийин алар иштебей калган. Мурун азиздер жана дүлөйлөр турмуш-тиричиликке керектүү түрдүү майда-чүйдө буюмдарды чыгарып иштешчү. Ал станоктун баары сатылып, менчиктештирилип, заводдордун имараттары эле калган. Ал жерде иштегендер азыр көрүнгөн жерде кайыр сурап, базарларда ырдап, эптеп жан багып жүрөбүз. Ал эми имараттарды тигүү цехтерине жана башка чакан ишканаларга ижарага берип, чоңдорубуз акчасын алып коюп эле жатышпайбы.
Өкмөт Бишкектен жер бөлүп берип, 90 батирлүү дагы бир үй салынды. Анда деле 25 жылдан бери мүчөлүктө турган жарандарыбыз батирлүү болуша элек. Устав боюнча коомго 5 жылдан ашык мүчө болуп турган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү, үйү жок адамдарга батир берүүгө мүмкүн. Мамлекеттик каттоо кызматындагы документтердин баарын алып чыгып каратсак, батир алгандар эч кандай коомго мүчө эмес, ден соолугу жайында жалаң жетекчилердин тууган-уруктары болуп чыгууда. Мындай мыйзам бузууга чыдай албай баш көтөрүп чыккан активисттерди негизсиз жалаа менен каматып, азыр бир нече балдарыбыз
СИЗОдо жатышат. Биз ушул мыйзамсыз иштер тууралуу өкмөткө, депутаттарга, акыйкатчыга, Каржы полициясына чейин кайрылдык. Баары эле бир ооздон “Азиздер жана дүлөйлөр коому – бейөкмөт уюм. Өкмөт ал коомго мүлктөрдү бергени менен, кайра анын мыйзамдын негизинде бөлүштүрүлүп жатканына кийлигише албайбыз. Маселеңерди коомдун жетекчиси Калык Мамбетакунов карайт”,- деп карышкырга кой кайтартып коюп жатышат. Бул коомго биз мүчөлүк акы төлөп турабыз. Мындан сырткары коомго берилген бардык мүлк, турак жай элдин төлөгөн салыктарынан салынып жатпайбы. Өкмөт эмне үчүн жок дегенде карапайым элдин алдында төлөгөн салыгы үчүн отчёт бербейт?!

“УСТАВДАГЫ ТАЛАПТАР АТКАРЫЛБАЙТ”
Токмок шаардык Азиздер жана дүлөйлөр коомунун башчысы Бактыбек Исмаиловду издеп Токмок шаарына бардык. Максатыбыз – “Дилбара Кыдырбаеванын наамындагы үйдө эмне себептен ушул кезге чейин сиздин уул-келиниңиз жашап келген, ушул айтылгандар чындыкпы?” деген суроону берүү болду. Бирок кеңсесине барып, Исмаиловду тапкан жокпуз. Кесиптештери анын иш сапары менен белгисиз жакка кеткенин айтышты. Ордуна орун басарынан жооп алалы десек, “ал да иш сапарга кетти” дешти. Бактыбек Исмаиловдун иш сапарына кеткенинен бир аз күмөн санап Токмоктогу үйүнө бардык. Үйдөн келини чыгып, атасынын кайда экенин билбей турганын, ал тургай телефон номеринен бери билбээрин айтты. Ал эми Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакуновдун кеңсесине 1 күн бою телефон чалып ала алган жокпуз. Коомдун бизге кайрылган мүчөлөрүнө байланышсак, алар да 1 айдан бери төрагасына байланыша албай жатышканын айтышты.
“Коомдун Токмок шаары боюнча башчысы Бактыбек Исмаилов төрага Калык Мамбетакуновдун күйөө баласы экенин жакында билдик. Мындан сырткары үйгө ээ болгон, жетекчилик кызматка отурган көп адамдардын Мамбетакунов менен туугандык байланышы бар экенин баарыбыз эле билебиз. Бул киши коомдун жетекчиси болуп 27 жылдан бери турат. Андан бери Кыргызстандын өзүндө эле 4 жолу ажо алмашты. Коомдун уставы боюнча жетекчиликке 63 жашка чейинки жарандар төрагалык кыла алат. Калык Мамбетакунов болсо 64 жашта. Өзү, Токмоктогу күйөө баласы Исмаилов жана башка жетекчилердин көбүнүн эле көздөрү көрбөйт. Азиз кишилер ушундай мыйзам бузууга барып жатышса, көзү көрүп, кулагы уккан бийликтеги башка жетекчилерибизден үмүт үзүп койсок деле болчудай”,- дейт коомдун мүчөлөрүнүн бири Алтынбек Тобокел уулу.
Учурда бул маселе боюнча коомдун мүчөлөрү жетекчилигинин үстүнөн кылмыш ишин козготуунун аракетинде. Дилбара Кыдырбаева тергөө иштери башталып аягына чыкмайынча 6-кичи райондогу жаңы батиринде жашабай турууну чечкенин билдирди.

Гүлжан Асанкожоева

10-июнь-16-июнь, 2016-ж

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*