ИИМДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КРАСНАЯ РЕЧКАДАГЫ АТА-ЭНЕЛЕРИНИН КАМКОРДУГУНА АЛЫНБАГАН БАЛДАРДЫ ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАРГА ЖАРДАМЫН КӨРСӨТҮП КЕЛИШТИ

Click to enlarge image r1.jpgClick to enlarge image r1.jpg12eb06590dc80d1ec796967956abe661_L

Ички иштер министрлиги тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы мектеп-интернатына материалдык жардам көрсөтүлдү. ИИМ кызматкерлери тарабынан 21 жыл мурда түзүлгөн Красная Речка мектеп-интернатына колдоо көрсөтүлүп келе жатат.

Красная Речка мектеп-интернаты борбор калаанын чыгыш тарабында жайланышып, 33 чакырым узактыкта турат. Бул жерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана мектеп курагындагы жетим балдар тарбияланат. Мектеп-интернатында 120 бала тарбияланат. Ички иштер министрлиги жардамга муктаж балдарга, билим берүү, тамак аш маселелерине ар дайым көңүл буруп келет.

Ушул убакка чейин милиция кызматкерлери, ички иштер органдарынын бардык бөлүмдөрү ата-энесинин камкордугуна алынбаган балдарга жардам көрсөтүүнү салтка айландырышкан.

Быйылкы жылы 2-июнда ИИМдин биринчи орун басары Нурбай Касымбаев жана ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлери Красная Речка мектеп-интернатына барышты. Бардык чогулган каражаттарга спорттук буюмдар, жууп тазалоочу каражаттар, кеңсе товарлары, балдардын кийимдери, азык-түлүк үчүн 254 565 сомдон ашык каражат мектеп жетекчисине өткөрүлүп берилди. Ошондой эле мектеп-интернаты үчүн сыналгы берилди.

Н.Касымбаев мектеп-интернатына болгон сапарында, окуутуучу-тарбиячы кесипкөйлөр менен таанышты. Ошондой эле окуу жайдын айланасын карап чыкты.

Н.Касымбаев бардык балдарга чың ден-соолук жана окууларына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ИИМ тарабынан келечекте дагы мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына көңүл бурулуп тураарын билдирди. ИИМ тарабынан билим берүү, азык-түлүк, балдарды тарбиялоо боюнча ар дайым көңүл бурулуп турат деп кошумчалады.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Июнь 02 2016

http://www.mvd.kg/index.php/kg/mass-media-2/all-news/item/1588-iimdin-kyzmatkerleri-krasnaya-rechkadagy-ata-enelerinin-kamkorduguna-alynbagan-baldardy-zhana-m-mk-nch-l-g-chektelgen-baldarga-zhardamyn-k-rs-t-p-kelishti

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*