Кара-Суу райондук сотунун имаратында ыңгайлуулук элементтеринин ачылышы болду

2016-жылдын 26-февралында Кара-Суу райондук сотунун имаратында Ош шаардык сотунун, Ноокат жана Кара-Суу райондук сотторунун имараттарын майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайлуулук элементтери менен жабдуу боюнча ишти жыйынтыктоо аземи болду.

Бул иш-чаранын максаты өкмөттүк эмес уюмдардын, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана донор уюмдардын майыптыгы бар адамдарга социалдык инфраструктура объектилерин пайдаланууда, атап айтканда сот адилеттигинин расмий институттарынын имараттарына кирип-чыгууда бардык жарандар менен бирдей мүмкүнчүлүк түзүү маселеси боюнча биргелешип аракеттенүү жана туруктуу байланышып туруу ишин жайылтуу болуп саналат.

2014-жылдын октябрь-ноябрында парламенттин адам укугу боюнча комитетинин демилгеси менен Бишкектеги, Чүй жана Ош областтарындагы соттордун имараттарынын майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайлуулугу боюнча мониторинг өткөрүлгөн. Анын натыйжасында Октябрь райондук соту, Ош шаардык, Ноокат жана Кара-Суу райондук соттору сынаакы жайлары катары тандалган. Аларды майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайлуулук элементтери менен жабдуу иштери жүргүзүлдү: пандустар жасалып, тайгалангыс жабуулар менен капталды (басып-туруусунан майып адамдар үчүн), тепкичтердин биринчи жана акыркы баскычтары контраст (ачык-сары) боёк менен белгиленди, Брайлдын быдырлуу жана ири ариптер менен басылган маалымат такталары орнотулду, дубалдарга быдырлуу тасмалар, Брайл ариптери менен тактачалар тагылды, көзү көрбөгөн жана начар көргөндөр үчүн үн чыгарчу эскерткичтер жана маалымат бергичтер, укпаган жана начар уккандар үчүн өзүнчө маалымат көрсөткүчтөрү коюлду.

“Бул биздин алгачкы сынаакы долбоорубуз, бирок бул иштин башы гана. Бул практиканы бардык сотторго, деги эле бардык социалдык жайларга, транспортко жайылтуу керек. Адамдардын чоң тобуна адамча жашоого мүмкүнчүлүк түзүү зарыл. Албетте, бул биринчи кезекте мамлекеттин иши. Биздин ишибиз муну кайсы жерде жасоо керектигин көрсөтүп коюу”, – деди А.Аванесов.

Министр К.Базарбаевдин айтуусу боюнча Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 168 миң киши. “Адамдардын укугу дайыма бирдей болууга тийиш, биз мына ошого умтулуп жатабыз, бүгүнкү иш-чара да адамдардын мүмкүнчүлүктөрү да бирдей болууга тийиш экенин көрсөтөт”, – деп айтты К.Базарбаев.

“Советтик мезгилде бул имараттар ыңгайлуулук элементтери эсептелбей эле курулуп калган. Биз соттун имараттары кандай болууга тийиш экенин көрсөтүүгө аракет кылдык. Сотко жалгыз бир киши келсе да ал бул имаратка эркин кире алганына ыраазы болуп кетет. Кимдир бирөөлөр үчүн имаратка эркин кирип-чыгуунун өзү эле кубаныч. Мен бул иштин баарын каржылаган “Сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү” долбооруна ыраазычылык билдирем”, – деп айтты Д.Бекешев.

Бул иш-чара БУУнун Өнүгүү программасы менен Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү” аттуу биргелешкен долбоорун ишке ашыруунун кезектеги баскычы болуп саналат. Бул КР Жогорку Кеңешинин, ошондой эле КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси менен ишке ашырылууда. Иштин буга чейинки этабы 2015-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун ыңгайлуулук элементтерин ачуу менен көрсөтүлгөн.

Байланышуу: “Бирдей мүмкүнчүлүк” социалдык борбору (“Плюс” коомдук фонду),  +996 0312 43 44 16, +996 555 43 44 16, scrv.kg@gmail.com

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*