Юридикалык борборлор элге акысыз кеӊеш берет

юрид

9-январда Бишкек жана Беловодск шаарларында Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды. Анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга юридикалык квалификациялуу жардам алууга кепилдик берет. Бул адамдын сот акыйкаттыгына жетүүдөгү негизги укуктарынын бири болуп саналат.

Кыргызстанда 2009-жылдан тартып «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзам иштейт. Анын негизинде акысыз укуктук жардам көрсөтүү жаатына жакшы көӊүл бурулууда.
Аталган борбор жарандардын сот акыйкаттыгына жетүүсүн жакшыртуу, мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоону камсыздоону максат кылат. Анда атайын юристер, жактоочулар иш алып барат. Бул жарандардын укук коргоо мүмкүнчүлүгүн кеӊейте турганын, Юстиция министрлигинин жарандардын укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Марипа Сейдалиева белгиледи.

«Бул юридикалык бекер жардам көрсөтүү борбору жарандардын укуктук сабатсыздыгын жоюу боюнча түзүлдү. Кээ бир учурда адамдар күтүлбөгөн жагдайларга туш болуп калганда кайда кайрылаарын билбей калышат. Ошондуктан мындай акысыз борлорго биздин жарандар аябай муктаж. Эми ачылган борлорубуз жакшы иш алып барат деген ойдобуз».

Акыркы учурда бул борборлорго жарандардын кайрылуусу көп болгон. Аларда көпчүлүк жарандарга кылмыш иши боюнча гана юридикалык кеңештер берилип келген. Ошонун негизинде БУУнун сот адилеттүүлүгүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү долбоорунун алкагында кошумча 5 юридикалык жардам көрсөтүү борбору иштелип чыккан.

Ошондой эле, айрым жарандардын юридикалык жардам алууга болгон укугун колдонуусуна багыт берет. Уюм негизинен адам баласынын укуктарын, эркиндиктери жүзөгө ашырылышына, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктары корголушуна, укуктук жана социалдык коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Бул тууралуу, Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Акжол Калыбеков айтып өттү.

«Азыркы учурдагы мыйзамдын негизинде кылмыш иштерин гана карачубуз. Бирок изилдөө иштерин жүргүзгөндө көпчүлүк адамдар жарандык укук боюнча кайрылгандар көп экени далилденди. Ошондуктан БУУнун колдоосу менен юридикалык бекер жардам көрсөтүү борборлорун ачып жатабыз».

Ал эми Кара-Көл шаарынын тургуну Абдыатар Маматалиевдин айтуусунда, мындай юридикалык акысыз жардам көрсөтүү борболордун ачылышы карапайым калкка бир топ жеӊилдикти түзүп берип жатат.

«Юридикалык бекер жардам көрөтүү борборлордун ачылуусу адамдарга жакшы жардам көрсөтөт деп ойлойм. Анткени колунда жок адамдардын көпчүлүк учурда укугу корголбой көмүскөдө калып жатат. Ошондуктан мындай акысыз борборлор ар бир шаарда, ар бир райондо ачылса мындан дагы жакшы болот».

Юридикалык борборго жарандар кандай суроолор менен кайрылат жана аягында кандай жыйынтык чыкканы тууралуу атайын административдик топтор акысыз иш алып барат. Анткени азыркы учурда капчыктуулардын укугу корголуп, ал эми колунда жок жарандарга көп көңүл бурулбай келет. Эми элди колунда бар же жок деп бөлбөй, баардык жарандардын укугун бирдей коргоо колго алынат.

Борбордун ишине «Кыргызстан—Сорос» фонду, Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги менен Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын «КРда сот адилеттигине жетүүгө мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоору көмөк көрсөтүүдө.

Ал эми юридикалык борборлор иш күндөрү эртең менен саат 9дан кечки 5ке чейин иштейт.

Марал ФМ

1 Kомментарий

  1. Жалабад облусунун Майлуу Суу шаарынын тургундары тарабынан,
    Кыргыз Республикабыздын;
    “Жамааттар жана жамааттардын бирикмелери жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде түзүлчү “Жамаатты” юридикалық статус алуусу үчүн эмне жумуштарды жасап, кандай дькументтерди камдоо зарыл?

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*