Акысыз юридикалык борборлор калктын аялуу катмарын тегиз тейлеп баштады

borbor

Кыргызстанда биринчи жолу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн республика боюнча 4 соттун мекемеси пандус, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ылайыктуу жабдыктар менен камсыздалды.Тактап айтканда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту, Ош шаардык соту, Ноокат жана Кара-Суу райондук соттору мындан кийин жарандарды ыңгайлуу шарттар менен тосуп алмакчы.

Бул сыяктуу долбоор Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасынын (БУУӨП) жана Финляндиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланып, мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешүүдө. БУУӨПтүн Кыргызстандагы өкүлү Александр Аванесовдун айтымында, бул аракеттерди улантуу мамлекеттик органдардын жоопкерчилигинде турат.

“Биздин долбоор пилоттук болгондуктан кайсы бир деңгээлде иштин башталуусуна, адистердин адаптация алуусуна жол ачып, мекемени жабдыктар менен камсыз кылууда. Быйыл “Сот адилеттүүлүгүнө жетүү” долбоорунун алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, аялдардын, балдардын укуктарын коргоого багытталган иш-чаралар жүрүп жатат. Алсак, сот мекемелерин талапка ылайык жаңылантуу менен бирге пилоттук айылдарда акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорун ачууга жетиштик. Учурда ал мекемелер жигердүү иштеп, калкка акысыз консультацияларды, керектүү юридикалык жардамды көрсөтүүдө”,-дейт Аванесов.

Аталган жакшы саамалыкты уккан соң, бул борборлор канчалык деңгээлде иштеп жаткандыгын билүү үчүн “Журналисттер” коомдук бирикмеси ЖМКнын өкүлдөрү менен атайын пресс-тур уюштурган. Тактап айтканда, Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылында жана Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө ачылган Жарандардын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү борборлору менен таанышып кайттык.

Аталган борборлордо кесипкөй юрист иш алып барат экен. Учурда бул жай БУУӨПтүн алкагында каржыланууда.Кызыл-Октябрь айылында юрист-фасилитатор катары иш алып барган Тынчтыкбек Жусупбековдун айтымында, аталган борборлор 2015-жылдын июль айында ачылган.

“Биздин айыл өкмөткө 9 айыл карайт. Июль айынан бери жалпысынан ар түрдүү юридикалык суроолор менен 72 арыз түшкөн. Алардын бардыгы өз убагында каралып, жергиликтүү адистер жана мобилдик группадагы жумушчу топтун өкүлдөрү маселени чечип беришкен. Көпчүлүк учурда айыл тургундары паспорт алуу, паспортту жаңылоо, жер маселеси, миграциялык суроолор, адвокат талап кылуу, пенсия, жөлөк пул алуу боюнча жана башка ушул сыяктуу суроолор менен кайрылууда”,- дейт Жусупбеков.

Ал эми Дөң-Арык айылынын жергиликтүү юристи Назира Молдосановага кайрылганыбызда ал төмөндөгүлөргө токтолду.

“Айыл тургундары алгач бул борбордун акысыз иштеп баштаганына ишенбей, анча көңүл бурушкан эмес. Кийинчерээк кызмат көрсөтүп, керектүү юридикалык кеңештерди берип натыйжаны бере баштаганыбызда жарандар түз эле бизге кайрылып башташты. Мурда жактоочу издеп, же кичинекей эле арыз жазууда, документтерди толтурууда жеке нотариустардан, жеке мекемелерден акча төлөп алышса, азыр биздин иштеп жатканыбызга көнүп калышты. 5 айдан бери бизге жалпысынан 110 арыз келип түштү. Аларды чечүүгө жетиштик. Биз менен учурда Мамлекеттик каттоо кызматы, КРнын Юстиция министрлигинин адистери, Паспорттук столдун кызматкерлери жана граждандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмү менен тыгыз кызматташуудабыз. Бардык жарандарды кабыл алабыз, укук жагынан коргоп беребиз”,-дейт Молдосанова.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

Гүлнур Жумалиева, Кабар ордо, 20.01.2016,
http://www.vb.kg/kabarordo/doc/266164_akysyz_uridikalyk_borborlor_kalktyn_aialyy_katmaryn_tegiz_teylep_bashtady.html

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*