Пенсияга чыгууда укук корголобу?

pensionery

Ар кандай мамлекеттерде ардактуу эс алууга чыгуу же пенсияга чыгуу тиешелүү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт. Биздин өлкөдө да жарандарыбыз жаш курагына, ишинин мүнөзүнө жараша иш стажына, майыптыгы боюнча ж.б. түрдө пенсигя чыгышат. Айрым жарандарыбыз көп жыл иштеп, аз гана пенсияга чыктым, стажга карата да пенсия өлчөмүн жогорулатса болот эле, деги эле пенсиянын өлчөмү жогорулатылса деген сыяктуу даттанууларды айтып жүрүшөт. Мындан тышкары пенсияга чыгуу үчүн документтерди топтоо убарачылыгы да көп. Ош шаардык социалдык фонд башкармасынын пенсиялык бөлүмүнөн алынган маалымат боюнча пенсияга чыгуу үчүн эң аз дегенде 7-8 жерден тиешелүү документтерди алып баруу керек.  Чындыгында пенсия чегерүү жолдору кандай, пенсияга чыгууга кандай укуктар бар-мына ушулар тууралуу биз Ош шаардык социалдык фонд башкармасынын пенсиялык бөлүмүнүн башчысы Кривова Надежда Леонидовнага кайрылганыбызда мына буларды баян этти.

– Негизи биздин мамлекетте пенсия Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Бул мыйзамга көп жолу толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген. Аталган мыйзам жарандарды милдеттүү түрдө мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууда камсыздандыруу принциптерин бекитет жана камсыздандырылган адамдарга камсыздандыруу учуру келгенде пенсиялык камсыздандырууну кепилдейт.

Аталган мыйзамга ылайык, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия алууга Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандары, КРнын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамында каралган негиздерде жана шарттарда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга төлөм төлөгөн биздин республикада жашаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар укуктуу. Эгерде, Кыргыз Республикасы жана башка мамлекеттердин ортосунда пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууларда (келишимдерде) аталган мыйзамдагыдан башка эрежелер каралган болсо, анда ошол макулдашууларда жана келишимдерде бекитилген эрежелер колдонулат.

Аталган мыйзамга ылайык, жаш курагы, майыптыгы, багуучусун жоготуу боюнча пенсия дайындалат.

Айта кетсек, бир катар негиздер боюнча пенсия алууга укугу бар жарандарга алардын тандоосу боюнча бир гана пенсия дайындалат.

Пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына камсыздандырылган жаран (же ал үчүн башка адам) тарабынан мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча төлөм төлөнгөн мезгил гана алынат, ошондой эле башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку окуу жайында окуган мезгилдер, эгерде, камсыздандыруу төлөмү төлөнгөн болсо алынат. Күндүзгү кесиптик жана орто кесиптик окуу жайларында, квалификациясын жогорулатуу боюнча жана кадрларды кайра даярдоо боюнча курстарда, жогорку окуу жайларында, ординатурада, аспирантурада жана докторантурада 1999-жылдын 19-февралына чейинки мезгилдерде окугандар үчүн аталган мезгилдерге камсыздандыруу төлөмүн төлөгүндүк боюнча документтер талап кылынбайт.

Камсыздандыруу стажына аскерде кызмат өтөгөн мезгил жана ага теңдештирилген кызматтарда өтөгөн мезгил, улуттук коопсуздук органдарындагы кызматтар, мамлекеттик өрткө каршы кызматтар, аскерлештирилген кароолчулук, атайын байланыш кызматтарында, жарандык коргонуу бөлүктөрүндөгү, бажы инспекциясындагы жана финансы полициясындагы кызматтардагы мезгил ведомстволук таандыктуулугуна карабай эсептелет. Ошондой эле баланы үч жашка чейин, бирок, жалпысынан алты жаштан ашпаган мезгилде карагандагы мезгил, убактылуу эмгекке жарабаган мезгилде, боюнда бар жана төрөт мезгилинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пособие алган мезгил да камсыздандыруу стажына эсептелет.

Мындан тышкары жумушсуздук боюнча пособие алган жана коомдук иштерде акы төлөнгөн иштерге катышкан мезгил, эмгекке жарамдуу адам I топтогу майыпты, майып баласын 18 жашка чейин караган мезгил же 80 жашка чыккан кары адамды карган мезгил да камсыздандыруу стажына эсептелет.

Кылмыш ишине негизсиз тартылгандардын, негизсиз репрессиялангандардын жана кийин реабилитациялангандардын камакка алынган мезгилдери, алардын эркинен ажыралган жайларда жаза өтөгөн жана сүргүндө болгон мезгилдери камсыздандыруу стажына эсептелет.

Жогоруда көрсөтүлгөн мезгилдер жана милдеттүү мамлекеттик социалдык  камсыздандыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын жарандарын персонификациялык ( жеке) учетко алуу киргизилгенден ( 1996-жылдын 1-январынан тартып) кийинки мезгилдер камсыздандыруу стажына, эгерде, андан кийин камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнсө гана эсептелет.

Белгилеп кетүүчү нерсе, аталган мыйзамга ылайык, бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген мезгилдерде камсыздандыруу стажы бир жарым эсе өлчөмүндө эсептелет.

Жаш курагы боюнча аталган мыйзамга ылайык, эркектер 63 жашынан, ал эми аялдар 58 жашынан тартып пенсияга чыгууга укуктуу. Жаш курагы боюнча жалпы негизде толук пенсияга чыгуу үчүн керектүү болгон камсыздандыруу стажы эркектер үчүн-25 жыл, ал эми аялдар үчүн-20 жыл.

Арыкчылык шарттары менен акыркы иштеген жери кандай экендигине карабастан жаш курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген № I тизме аркылуу жер алдында толук жумушчу күнүн иштегендер, өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор эмгектик шарттардагы жер алдында өндүрүштө, жумуштарда, кесиптерде, кызматтарда иштегендер эсептелет. Бул көрсөтүлгөн артыкчылык шарттарда эркектер 53 жашынан 20 жылдык стажы болсо чыгууга укуктуу жана 20 жыл стажынын жарымынан кем эмес мезгили жогоруда көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген мезгил болуусу керек. Ал эми аялдар 48 жашынан 15 жылдык стажы болсо чыгууга укуктуу жана15 жыл стажынын жарымынан кем эмес мезгили жогоруда көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген мезгил болуусу керек.

Аталган мыйзамга ылайык, 5 жана андан ашуун бала төрөгөн жана аларды 8 жашына чейин тарбиялган аялдар жаш курагы боюнча 53 жашынан 15 жылдык камсыздандыруу стажы болсо пенсияга чыгууга укуктуу. Бала чагынан майып балдары бар жана аларды 8 жашына чейин тарбиялагандар жаш курагы боюнча 53 жашынан 20 жылдык камсыздандыруу стажы болсо пенсияга чыгууга укуктуу. Ушул көрсөтүлгөн шарттарда пенсияга эрте чыгышкан адамдарга пенсияга төлөөгө кеткен чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.

Ал эми ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кайра уюшулгандыгына, жоюлуп кеткендигине жана штаттардын кыскаргандыгына байланыштуу иштен бошогон жарандар төмөнкү шарттарда пенсияга чыгууга укуктуу: эркектер 61 жашынан, эгерде, камсыздандыруу стажы-25 жыл болсо, аялдар 56 жашынан, эгерде, камсыздандыруу стажы 20 жыл болсо.

Жаш курагы боюнча эрте пенсияга чыгууга камсыздандыруу стажы пенсия дайындоо үчүн талап кылынган стаждан 15 жылга көп болсо эркектер 60 жашынан, аялдар 55 жашынан чыгууга укуктуу болушат.

Жаш курагы боюнча эрте пенсияга чыгууга камсыздандыруу стажы пенсия дайындоо үчүн талап кылынган стаждан 10 жылга көп болсо жана ал стаждын жарымынан кем эмес мезгили, аталган мыйзамдын 9-статьясынын 2-пунктунун «а» пунктчасында, 3-пунктунун «а»пунктчасында каралган артыкчылык шарттарда иштеген мезгил болсо эркектер 50 жашынан, ал эми аялдар 45 жашынан чыгууга укуктуу.

Жаш курагы боюнча эрте пенсияга чыгуугажарандар,эгерде, камсыздандыруу стажы пенсия дайындоо үчүн талап кылынган стаждан 5 жылга көп болсо жана ал стаждын жарымынан кем эмес мезгили аталган мыйзамдын 9-статьясынын 2,3 жана 7-пункттарында каралган артыкчылык шарттарда иштеген мезгил болсо жаш курагы боюнча пенсияга эрте чыгууга укуктуу, бирок, пенсияга жалпы негизде чыккан курактан үч жыл гана кем мезгил болуусу керек.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын жарандары милдеттүү мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу менен катар ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга укуктуу. Ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу милдеттүү мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу системасынын кошумча түрү облуп саналат жана физикалык ( жеке ) тараптар же юридикалык ( корпоративдик – физикалык тараптардын кызыкчылыгы үчүн) тараптар аркылуу ( физикалык тараптардын макулдугу менен) ыктыярдуу түрдө ишке ашырылат жана камсыздандыруу учуру келгенде ( карылык, майыптык, багуучусун жоготуу) камсыздандыруу салымына жараша кошумча материалдык камсыздандырууну камсыздайт.

Ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун шарттары, нормасы, тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан бекитилет.

Пенсиянын өлчөмүн эсептөө канча пенсия дайындалышы тууралуу айтсак, ал төмөндөгүчө эсептелет. Жалпы пенсия бардык учурларда базалык пенсиянын (Б) жана камсыздандырылган жарандардын персонификациялык учеттун киргизилишине чейинки стажын жана айлык акысын эсепке алган пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгүнүн (КП1)  жана персонификациялык учет киргизилгенден кийинки камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы (КП2) болуп эсептелет. Башкача айтканда, жалпы пенсия = Б+КП1=КП2 эсебинде жүргүзүлөт. Мында Б-пенсиянын базалык бөлүгү, КП1-персонификациялык учет киргизилгенге чейинки камсыздандыруу бөлүгүнүн бир айлык өлчөмү, КП2- персонификациялык учет киргизилгенден кийинки камсыздандыруучу бөлүктүн бир айлык өлчөмү болуп саналат.

Аталган мыйзамга ылайык, пенсияны дайындоо үчүн факт жүзүндөгү орточо эмгек акыны эсептөө бекитилген коэффициентти эске алуу менен пенсияга чыгуу үчүн кайрылган адамдын тандоосу менен иштеген мезгилинин каалаган 60 айы алынып жүргүзүлөт.

Согуш майыптарына жана аларга теңдештирилгендерге, жашына жана майыптыгына жараша эгерде, I топтогу майып болсо-эсептик көрсөткүчстүн 175 эсебинде, II топтогу майып болсо-150 пайыз эсебинде, III топтогу майып болсо 100 пайыз эсебинде кошумча пенсия эсептелет.

Пенсия дайындалып жана пенсия алуучу өз убагында талап кылбай калып, албай жүргөн болсо жана кийин талап кылган болсо, анда пенсия алуучуга дайындалган пенсиянын  ал кайрылгандан мурунку 3 жылдыгы гана төлөнүп берилет. Эгерде, пенсия берүүчү органдын айынан пенсия берилбей жүргөн болсо, анда пенсия дайындалган күндөн берки бардык мөөнөткө пенсия төлөнүп берилет.

Кривова Надежда Леонидовнанын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандары үчүн пенсияга чыгууга укуктар каралган. Өкүнүчтүүсү пенсиянын өлчөмүнүн аздыгы. Бул маселенин чечилиши мамлекеттик деңгээлде каралып, инфляциянын деңгээлине жараша пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу керек.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

К.Кыдыралиева, Ош жаңырыгы, 09.01.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*