Министр К. Базарбаев:“Майыптар дайыма мамлекеттин камкордугунда болот”

1451278051_52105900

Республикабызда 168 миң майып адам бар. Алардын бары тең мамлекеттин комкордугуна алынган, алар пособия, же пенсия алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

“Министрлик жыл сайын 15 миңдей ортопедиялык жарак-жабдыктарды жасап, майыптарга бекер таратып берет. Министрликтин алдындагы Реабилитациялык борбор жыл сайын 500 адамга реаблитациялык иш-чараларды бекер жүргүзүп турабыз. Жакында ортопедиялык заводду жаңы лазердик технологиялар менен жабдыдык. Ал жерде майыптар үчүн сапаттуу протездик бут кийимдер жасалат. Майыптарга кайрымдуулук фонддору тарабынан да көптөгөн көмөктөр көрсөтүлүүдө. Айрыкча Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы майыптарды өз камкордугуна алып, кийим-кечектерди, майыптык коляскаларды бекер таратууда”-деди ал.

Министрдин маалымдашынча министрлик майыптарга материалдык колдоо көрсөтүү менен эле чектелбейт.

“Алар коомдук турмуштан четтеп калбашы үчүн эки тараптуу маселенин үстүндө иш жүргүзүүдөбүз. Биринчиси-коомду гумандаштыруу, экинчиси – майыптарды турмушка адаптация кылуу. Бул үчүн быйыл Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында фестивалдарды, концерттерди өткөрдүк. 2016-жылы мындай иш чараларды Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткөрмөкчүбүз. Майып адамдар үйлөрүнөн чыга албайт. Биз аларды фестиваль, концерттерге, маданий иш-чараларга катыштырып, коомго аралаштырып, дүйнөгө болгон көз караштарын калыптандырабыз. Андай маданий иш чараларга депутаттар, искусство адамдары, ишкерлер катышат. Алардын жан дүйнөсүн бир майыпты көрсө бир сезим, миң майыпты көрсө миң сезим уялайт. Бул коомду гумандаштырууга алып келет”-деп кошумчалады К. Базарбаев.

Эскерте кетсек, республикабызда бүгүнкү күндө 168 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо тургандыгы, аларга ойдогудай камкордук көрүлбөй жаткандыгы ЖМКларга жарыяланган.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*