Алыскы чек арадагы алгачкы бала бакча

Бала бакчага айрыкча кичинекей бөбөктөр кубанышты

bb1

Баткен районундагы Зар-Таш айылынын элинин кубанычында чек жок. Себеби көп жыл кыялданып жетпей келген бала бакчалуу болушту.

Өзбекстан менен чектеш орун алган Зар-Таш айылында 140 түтүн калк жашайт. Чакан айылдын балдары бала бакча эмне экенин билбей чоңоюшкан. Эми минтип эки тайпалуу бакчага айылдын барган балдардын кубанычынан айыл эли да кубат алып турган кез.

– Биздин жамааттык бала бакчага учурда 52 бала барып жатат. Азыр бала бакча болуп түптөлгөн имарат айылдагы каралбай калган эски жай эле. Аны Төрт-гүл айыл өкмөтү капиталдык ремонттон өткөрүп берди. Билим берүү жана илим министрлиги, Баткен райондук билим берүү бөлүмү туш тараптан колдоо көрсөтүштү. Ал эми “Юнисеф” эл аралык фонду жана «Айжан» коомдук фондунун жардамы менен бөбөктөр үчүн эмерек, телевизор, DVD, килем, оюнчук, китеп, кеңсе буюмдары менен камсыздалды, – дейт бала бакчанын башчысы Эмилбек Абдибалиев.

Эки тайпага бөлүнгөн бөбөктөргө бир тарбиячы, бир анын жардамчысы жана медайым кам көрүшөт. Айыл эли балдары күнү кечке атайын адистер тарабынан камкордукка алынып, коопсуз жайда ойноп-күлүп, мектепке чейинки даярдыктан өтүп жаткандыгына чексиз ыраазы болуп, рахматын айтып бүтө элек. Небереси ушул бакчага бара баштаган Бактыкан Курбанбаева небереси Адилеттин кадимкидей өзгөрүлүп калганын байкады.

– Бала бакчага барууну эңсеген балдарыбыз аябай кызыгуу менен келип жатышат. Ал жерде ыр-бий үйрөнүшүп, түрдүү оюндарды ойношот. Уккан кызыктуу жомокторун Үйгө келгенде айтып бүтө алышпайт. Менин неберем Адилет азыр алты жашта. Бакчага бара баштаганы аябай өзгөрдү. Маселен, колун айттырбай жууп, кадимкидей тартипке келип калды. Эртең менен бакчасына ашыгып барат, – дейт кубанычын жашыра албаган чоң эне.

Бала бакчага айрыкча кичинекей бөбөктөр кубанышты
Бала бакчага айрыкча кичинекей бөбөктөр кубанышты

Бала бакчадагы биринчи агай

Зар-Таш айылындагы бала бакчанын башчысы Эмилбек Абдибалиев жаш жетекчилердин бири. Жаш эле эмес, Кыргызстандагы бала бакчаларды жетектеген эркек агай жетекчи десек да болот. Кесиби филолог мугалим Эмилбек Абдибаитович буга чейин Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда эмгектенген. Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу айылга көчүп барып, айылдан өзүнө ылайыктуу жумуш таппай жүргөндө, минтип өзүнө жаккан иш менен алектенип жатканына сыймыктанат.

– Өзүм балдар менен иштегенди аябай жакшы көрөм. Мен балдарга сабак өткөндү, аларга жаңы нерселерди үйрөткөндү бала кезден кыялданчумун. Бөбөктөрдүн жан дүйнөсүнө үңүлүп кирип, алардын кызыктуу кыялы менен бөлүшүү кандай кызыктуу. Айылга көчүп келгенден кийин мектепте иштесемби деп пландаштырып жаттым эле. Анан ушундай бала бакча ачылып, ага башчы издеп жатышканын угуп калдым. Айылдын жаштары, айыл башчысы менин талапкерлигимди сунуштап, ал сунушту Юнисеф эл аралык фондунун Баткен облусу боюнча координатору Ч.Ахмедова, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Зайитов, Төрт-гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Артыковдор колдошту. Алардын ишенимин актаганга аракеттенип, чын дилимден иштегенге кириштим. Себеби, балдарыбыз жаңыча сабакка, сапаттуу билимге, татыктуу тарбияга, көкүрөк толгон мээримге муктаж. Мына ушул муктаждыктарды аз болсо да орундатууга аракет жасасак. Балдар бакчасында башчы болуп иштеген жалгыз агай директор экенмин. Мен ушул жерде иштегениме сыймыктанам, – дейт Эмилбек Абдибалиев.

ЮНИСЕФ эл аралык фондунун өкүлдөрү керектүү жабдуулар менен жабдышты
ЮНИСЕФ эл аралык фондунун өкүлдөрү керектүү жабдуулар менен жабдышты

Тарбиячыларга “Чоң эне жомогу” жана “Аталар” уюму жардамдашат

Мурда чоң энелерибиз балдарды жомок менен таасирлүү тарбиялашчу эмес беле. Азыр ушул нерсе солгундап кеткендей. Кичинекейлерге жомок айтууну жандандыруу сунушу менен айылдын чоң энелерине кайрылышканда, алар жан дили менен макул болушту. Энелер жомок аркылуу балдарды бир чети адеп-ахлакка тарбиялап, ой жүгүртүүсүн өркүндөтүүгө өз салымдарын кошсо, экинчи жагынан өздөрүнө да эрмек табылды. Интернет булактарынан кызыктуу китептерди издеп табууга энелерге жардамчылар көп. Балдарды тарбиялоого көңүл буруп, тарбиячыларга көмөктөшүүгө энелерден тышкары аталарды да активдүү тартышууда. Ал үчүн атайын “Аталар” уюмун түзүштү.

– Азыркы учурда балдарга таалим-тарбия берүүдө атанын ролу азайып баратканы жашыруун эмес. Көпчүлүгү алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө. Үйдө жүргөндөр деле таң заардан кечке дейре жумушта. Башкача айтканда, балдары менен ойноого, сүйлөшүүгө, эркелетүүгө көп убакыт бөлө алышпайт. Ата-энелер чогулушуна чакырсак, 90 пайыз апа келет. Балдардын тарбиясында эненин орду чоң, бирок, ошол эле мезгилде, аталар да кызыкдар болуш керек. Биз жаш курактагы балдарга аталардын да көбүрөөк көңүл буруусун каалап, «Аталар» уюмун түздүк. Уюмга мүчө болгон аталар менен жума сайын жолугушуу өткөрүп, балдарды тарбиялоодогу көңүл буруучу маселелерди талкуулайбыз. Алар мындан сырткары балдар бакчасындагы курулуш, жасалгалоо иштерине жардам берип турушат. Жаз алды менен балдар бакчасынын айланасына бир топ көрктөндүрүү иштерин пландап жатабыз, – дейт директор мырза.

Зар-Таш айылындагы мектеп жашына чейинки бөбөктөр буга чейин көчөдө убакыт өткөрүшчү. Аларга атайын көңүл бөлгөн иш-чаралар дээрлик жок эле. Азыр болсо бала бакчага барып бир тартипке келип калган балдардын бири-бирине жасаган достук мамилелерин, жүздөрүндөгү жылмаюуларын көрүшкөн тарбиячылар эле эмес, айыл эли да алардын кубанычына тең ортоктош болуп, бала бакчанын иши токтобой, андан ары уланышы үчүн колдон келген көмөктөрүн көрсөтүүгө ынтызар экендигин билдиришүүдө.

Бул материал БУУӨП жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыздоо максатында укук үстөмдүгүн өркүндөтүү” аттуу долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”, 28.12.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*