Маловодное айылындагы интернат: Ата-эне мээримин күткөн балдар

Жатаканада аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ошондой эле ата-энеси жок, ата-энесинен мээрим көрбөй калган балдар тарбияланат.

internat1

Чүй областында караштуу Сокулук районундагы Маловодное айылында мындан бир жыл мурда, тактап айтканда 2014-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын реаблитациялык борбор уюштурулган. Буга чейин реабилитациялык борбор карылар үйү болуп келсе, былтыркы жылдан баштап мекеме кайрадан профилдештирилген. Борбор 100 орундук болуп эсептелет, учурда бул жерде 70 бала тарбияланып жатат.

“Биздин реабилитациялык борбор КРдин өкмөтүнүн №52 токтомунун негизинде өлкөдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык жактан коргоону күчөтүү, алардын укугун коргоо, балдарга стандарттарга ылайык тейлөөлөрдү уюштуруу максатында 2014-жылы уюштурулган. Мекемеде балдарга социалдык-укуктук, социалдык-медициналык, социалдык-маданий жана социалдык тиричилик кызматтары сыяктуу социалдык тейлөөнүн түрлөрү көрсөтүлөт. Муну менен бирге атайын логопедикалык класстар уюштурулган, анда балдар топ-тобу менен бөлүнүп окушат. Мекеме КРдин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине карайт. Балдар оор кырдаалга кабылган, аз камсыз болгон, же толук эмес-атасы же энеси жок үй-бүлөлөрдөн келишет. Ошондой эле ата-энеси карабай таштап кеткен наристелер да тарбияланууда. Көпчүлүк балдардын жашоосун анализге алып келгенде ата-энесинин жоопкерчилиги жоктугу аныкталып жатат. Ичимдикке берилип, балдарын карабай калган ата-энелер көбөйдү. Аталары керт башын ойлоп таштап кеткендер бар, энеси бөлөк балдарын багыш үчүн аргасыздан, ыйлап келип майып баласын таштап кеткен учурлар бар. Кээ бир ата-энелер балдары жалгыз калып ар кандай жаман окуяларга кабылбаш үчүн дагы борборго алып келет, бизде атайын стандарт боюнча педагогикалык, психологиялык жана медициналдык кызматтар көрсөтүлүүдө”,-дейт реабилитациялык борборунун директору Айзада Асанова:

Ден соолугу чың балдарга салыштырганда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жүрөгү назик, көңүлү аялуу экени белгилүү. Алардын көңүлү көтөрүп, коомго керектүү инсан кылып тарбиялоо максатында борбордун жетекчилиги колунан келген аракетин жасап жатышыптыр. Балдарга жомоктор көрсөтүлүп, түрдүү оюн-зооктор, концерттик кечелер уюштурулуп турат экен.

“Балдарыбыз ар кандай мелдештерге катышып, өнөрүп тартуулап турушат. Психолог кызматкерлерибиз ар бир бала менен жеке иштешет. Борбордо “Социалдык адаптациялык бөлмө” деген класс ачылган, анда кыз баланы үй шартында чай куйгандан баштап жүрүм-турум эрежеси, өзүн-өзү тейлөө, кийимди үтүктөө сыяктуу нерселерге үйрөтөбүз, бул жакшы натыйжа берүүдө. Медициналык жактан салыштырмалуу көп нерселерге жетиштик деп белгилеп кетким келет, балдарга керектүү медициналык жабдыктар сатылып алынды. Термомастер-массаждык керебет алынса жакшы болот эле, ал ордунан тура албаган балдарга “энелик мээрим, жылуулук” берип, аз да болсо бала үчүн абдан пайдалуу жабдык. Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин көмөгү менен ашканабыз толугу менен жаңы жабдыктар менен жабдылып, оңдоодон өткөрүлдү. 3-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнү балдарга жакшы маанай каалап, түрдүү иш-чараларды уюштурдук. Эң кубанычтуу нерсе-бул президенттин колунан 400 миң сомдук материалдык жардам деген сертификат алып келдик. Буга чейин балдарга карата социалдык коргоону күчөтүү максатында борборго ваакумдук-массаждык жабдык, кушетка керек деген өтүнүч менен өкмөткө кайрылган элек. Кызматкерлер, мекемелердин атынан өкмөткө ыраазычылыгыбызды билдирип кетким келет. Биздин жатаканада аз камсыз болгон жана опурталдуу үй-бүлөлөрдүн, ошондой эле ата-энеси жок, ата-энесинен мээрим көрбөй калган балдар бар. Балдарга өзүм жана бул жактагы кызматкерлер биргеликте апа болуп, мээрим менен мамиле жасап келебиз, албетте өз ата-энесиндей мээримди эч ким бере албайт, бул абдан өкүнүчтүү нерсе”,-дейт Асанова.

internat2 internat3 internat4 internat5 internat6 internat7

Жетекчинин айтымында, балдар өлкөнүн баардык аймактарынан кабыл алынат. КРдин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аймактардагы социалдык башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан жер-жерлердеги колдоого муктаж, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар көзөмөлгө алынып, эгер колдоого муктаж балдар болсо изилдөө актысы түзүлүп, атайын комиссиянын чечими менен, атайын түзүлгөн стандарттын негизинде документтер топтому бекитилип андан соң борборго кабыл алынат. Ар бир бала өз алдынча акысыз түрдө окутулуп, алар менен психологдор да иштешет. Жеке менчик борборлордо болсо акы төлөнөт, бул жерде бекер окутулат. Мекемеге 4 жаштан 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кабыл алынып, тарбияланат. 18 жаштан кийин да аларды коомго даярдоо, туура адаптациялоо үчүн 20 орундук бөлмө алынган. 20 орун алар 30 жашка чыкканча жашап турат деп эсептелген, бирок Асанованын айтымында, азыркы учурда балдар бул борбордо 19-20 жашка чыкканга чейин эле калышууда.

“Балдар 18ге чыкканда анын алыс-жакын туугандары, ата-энеси, тууган-уругу болсо аларды изилдеп таап, “кандай үй-бүлө” деп тактап туруп баланы алардын колуна тапшырып балдардын укугун коргоп жатабыз. Жакында эле 19 жашка чыккан балабыздын үйүн изилдеп таап бердик, анын ата-энеси мурун каза болуп калган экен. Демөөрчү таап ал балабызды Бишкектеги Кусаин Көлбаев атындагы автомобиль-жол колледжинде окутуп жатабыз, учурда ал аталган окуу жайында кадимки студенттер сыяктуу эле билим алууда”,-дейт Асанова.

Кыргызстанда Социалдык жөлөк пулдар тууралуу мыйзамдын 17-беренесинин негизинде өлкөдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мамлекеттик камсыздандырылган жатак үйлөрдө жашаса, өкмөттүн чегерген жөлөк пулунун 25 пайызы гана балага төлөнөт.

“Ал эми бул жакта жашап жаткан балдар, ата-энелери барлардын өздөрүнүн райондорунда кайрадан эсептөө жүргүзүлөт да, биз “бул бала бүгүнкү күндөн баштап мамлекеттин толук камсыздандыруусунда жашап жатат” деген катты жөнөтөбүз. Тиешелүү кызматкерлер катты социалдык коргоо башкармалыгына алып барып, алар өз кезинде кайра эсептөө жүргүзүп чыгып, ошол жөлөк пулдун 25 пайызын гана төлөп беришет. Мисалы, бала кезинен майыптардын жөлөк пулу 3000 сом болсо анын 25 пайызы – 750 сом болот. Аны ата-энелери алат. Өлкөдөгү реабилитациялык борборлордо тарбияланып жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 18 чыккандан кийин, ушул сыяктуу борбор-мекемелерге атайын комиссия графиги менен келет. Комиссия балдарды карап 1чи же 2чи деп майыптуулуктун топтук категориясын аныктап берет. Анан ошого жараша ал балага мамлекет тараптан жөлөк пул чегерилет”,-дейт борбордо тарбияланып жаткан балдардын жөлөк пул маселесине токтолгон Асанова.

internat8

Айтор борбордун тарбиячылары колунан келишинче мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды колунан келишинче мээрим берип тарбиялап жатышканына күбө болдук. Ошентсе да ата-эне мээримине баары бир жетпей турганын бул жердеги тарбиячылар бир ооздон белгилешти.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

, “Кабар ордо”, 17.12.2015,
http://www.vb.kg/kabarordo/doc/265386_malovodnoe_ayylyndagy_internat:_ata_ene_meerimin_kytkon_baldar.html

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*