Аталыкты аныктоо – нике күбөлүгү жок жарандардын балдарына күбөлүк алуунун мыйзамдуу жолу

Негизи мыйзам боюнча жаңы үйлөнгөн жубайлар нике күбөлүгүн алуу үчүн ЖААК бөлүмүнө бир ай мурда арыз менен кайрылуу керек. Бул учурда аларга ойлонууга бир ай мөөнөт берилет.  Тилекке каршы бул мыйзам биздин жарандар  тарабынан  толук аткарылбай келет. Жада калса нике күбөлүксүз эле бир канча жыл жарандык никеде жашагандар арбын. Мындан улам үй бүлөлөр ажырашкан соң көбүнчө аялдар жана балдар жапа чегип, алимент жана мүлктөн куру калышат.

 Баткен райондук ЖААК бөлүмүнөн алынган маалыматтарга таянсак үстүбүздөгү  жылдын 10 айында 865 үй бүлө  официалдуу түрдө баш кошсо, 142 үй бүлө  ажырашкан. Ажырашкандырдын  121 ортодо жаш балдары бар үй бүлөлөр. Ошол эле учурда ата энеси убагында  нике күбөлүгүн убагында албагандыктан 10 айда 414 балага  аталыкты аныктоо жолу менен  туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген.

gulmiraБаткен райондук ЖААК бөлүмүнүн башчысы Гульмира Омошеванын айтымында нике күбөлүгү жок үй бүлөлөр жаңы төрөлгөн балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн,  аталыкты аныктоо биргелешкен арызын толтурушат. Арызда атасы «ушул аял төрөгөн баланын атасы экенимди танбайм деп, ал эми энеси ушул төрөгөн баламдын атасы ушул киши экендигин ырастайм » деп кол коюп беришет. Мындай учурда көпчүлүк жарандар менен түшүнбөстүктөр да пайда болот. Алар жубайлар болгон менен алардын никесин тастыктаган документи болбогон соң, алардын балдарына күбөлүк берүүнүн мыйзамдуу жолу аталыкты аныктоо экенин элге  түшүндүрөбүз.

Ошол эле учурда көбүнчө эркек кишилер экинчи  аялы  менен жашагандар көп. Алар биринчи никеде турган  аялы менен  нике күбөлүгүн ажыратпай жүрө беришет . Мындай учурда анын экинчи аялынан  төрөгөн балдарга да аталыкты аныктоо жолу менен күбөлүк берилет.

Нике күбөлүгүн убагында албагандыктан көпчүлүк аталар, балдарына өз атын берүү  укугунан ажырап калууда. Мындай көрүнүш өзгөчө мигранттардын арасында көп кездешүүдө. Себеби жаш жубайлар үйлөнгөн соң Россияга кетип калышат. Анан аялы кош бойлуу болуп Кыргызстанга келип, нике күбөлүгү жок же  атасы аталыкты аныктоого келе албай, натыйжада баласына жалгыз бой эне деп энесинин фамилясы берилет. Бизге бир үй бүлө келип кайрылды. Алар үйлөнүп Москва шаарында жашап эки балалуу болушуптур. Балдарына  Россия Федерациясында туулгандыктан ал мамлекеттин күбөлүгүн алышкан. Ошол эле учурда балдарына энесинин фамилясы берилип, жалгыз бой эне деп катталган.  Бул үй бүлө бизге келип, балдарына Кыргызстандын күбөлүгүн жана балдарына атасынын аты, фамилясын берүүнү талап кылууда. Буга мыйзам жол бербейт. Ар бир төрөлгөн балага бир гана жолу күбөлүк берилет. Ал үй бүлө Россияда туруп да аталыкты аныктоо жолу менен балдарына атасынын  атына жазылган күбөлүктү алса болмок. Жада калса алардын бирөөсү Россиянын жараны болсо нике күбөлүгүн да алууга укугу бар эле. Ал эми баласынын жарандуулугу ата энесинин жарандуулугуна карайт жана балдар чоңойуп 16 жашка чыккан соң, өз жарандуулугун тандай алат.

Убагында нике күбөлүгүн ала албай калган үй бүлөлөргө биз эки учурда жүйөлүү себептердин негизинде  кезексиз нике күбөлүгүн беребиз. Ал аялы кош бойлуу экендигин тастыктаган медициналык тактама алып келсе жана эгер баласына аталыкты аныктоо жолу менен күбөлүк берилсе ортодо балдары бар деп нике күбөлүк берилет.

БУУПӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигинемүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуумаксатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктүжакшыртуу” долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Чолпон Бердикулова, Баткен таңы, 07.12.2015

1 Kомментарий

  1. Мен 3 ай жашап ажырашкам ,бизде Нике куболук дагы жок .балама куболукту атасына каттатайын десем атасы фамилиясын бербей жатат кантип атасынын фамилиясын алсам болот Жана алимент кырктырсам болобу ?

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*