Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жакшы шарттар түзүлдү

okt_sotu

Октябрь райондук сотунун имаратында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын шарттар түзүлдү. Бул жышаан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата жасалды. Иш -чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешов, БУУ КР туруктуу координатору Александр Аванесов жана башкалар катышышты.

Кѳпчүлүк имараттарда мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарт бар деген менен, ал шарттар майыптыгы бар жарандарды канааттандырбайт. Себеби мүмкүнчүлүгү чектелгендер дегенде, коляскада олтургандарды ойлошот да, алар үчүн пандустарды орнотушат. Бирок коомдо баса албагандардан сырткары, кѳзү кѳрбѳгѳндѳр, кулагы укпагандар да бар.

Айтылган жагдайлар баарын эске алып,КР Жогорку Кеңешинин демилгеси менен, ошондой эле ПРООНдун жардамы жана Финляндиянын тышкы иштер министрлиги, «Сот адилеттүүлүгүнѳ жетүүнү кеңейтүү» долбооруменен биргеликте Октябрь райондук сотунун имаратында мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн баардык шарттарды түзүп беришти. Бул имаратта коляскада отургандар үчүн пандустар, белги коюлган тепкичтер, уга албагандар үчүн Брайлдын шрифти менен жазылган жазуулар жана багыттоочулар, кѳрѳ албагандар үчүн атайын маалымдоочу аппараттар орнотулган.

Эске сала кетсек, 2014-жылдын октябрь-ноябрь айларында Бишкек шаарында жана Чүй, Ош областтарынын сот имаратында мониторинг жүргүзүлүп, 4 соттук имараттарында кайра куруу иштери башталган.

Абдылаев Касымбек,мүмкүнчүлүгү чектелген жаран:

– Албетте, бул жерге башында келип жүргѳндѳ абдан кыйналчумун. Мага окшогон мүмкүнчүлүгү чектелгендер абдан кѳп кайрылса керек. Азыр ѳтѳ жеңил жана ыңгайлуу болуп калды. Мен абдан кубанычтамын. Эгерде ар бир имаратта ушундай шарттар түзүлсѳ, бизге окшогондордун да абалы жогорулайт эле.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу» долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

Майсалбек Курбаналиев, Полит Клиника, 03.12.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*