«Күйөөсүнүн катышуусусуз деле ажырашса болот»

Ноокат шаарынын тургуну Наргиза ( аты өзгөртүлдү) бир жылдан бери күйөөсү менен ажыраша албай келет.

Анын күйөөсү Якутиядагы шаарлардын биринде иштейт. Ал жакта үйлөнүп эки балалуу болгонун уккан. Акыркы жолу аны мындан эки жыл илгери көргөн. Башта кичине тыйын-тыпыр жиберип турчу. Акыркы мезгилдерде таптакыр байланышпайт.

«Кээде баары-жокту кечкиң келет. Тек гана үч кызымды кыя албайм. Анын башкага үйлөнгөнүн уккандан бери дүйнөм караңгы. Өзүмдү өзүм коерго жер таппай келем. Ажырашайын десем, деги эле байланышка чыкпай жатат. Кайненем менен кайнатам болсо «Талагыңды бербесе, никеңди кырктырууга келбесе, кантип ажырашасың? Сен аны менен жашайсың» деп зордошот.

Эмне кылаарымды билбей, башым маң. Күйөөсүнүн уруксатысыз ажырашууга болбойт деп укканымдан, азырынча сотко бере элекмин», -дейт.

Биз Наргизанын соболуна жооп табуу максатында эксперттер менен байланыштык.

Чинара Усупбаева, мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси:

– Бүгүн Наргизаныкындай абалга туш болгон аялдар арбын. Алар укуктук жактан жакшы маалыматы болбогондуктан, ушундай басмырланган абалда жүрүшөт. Негизи бул маселеге сот чекит коет. Андыктан сотко кайрылышса жакшы болоор эле.

Турмуштагы кыйынчылык, үй-бүлө, сүйүү, кызганыч сыяктуулардын чеңгелине чырмалган Наргиза сыяктуу тагдырларга туш болгон аялдардын катмары күн санап өсүп жаткандыгы жашыруун деле эмес. Мына ушундай кырдаалдардан улам коомубузда ажырашуулар, уруш-жаңжал, а тургай өзүн-өзү өлтүргөн окуялар да көп катталууда.

Ошондуктан бүгүн жер-жерлерде аялдарга, жаш келиндерге, жаш өспүрүмдөргө укутук жактан жардам берүүчү кеңселерди ишке салуу маселени бир кыйла жеңилдете тургандыгына ишенгендер да бар. Демек, бул демилге тийиштүү тараптар тарабынан колдоого алынса, өз жемишин берет деген ойдобуз.

Бул макала Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасында Сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат таңы, 03.12.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*