“Марал” радиосу: Эл медициналык укугун билеби? (аудио)

“Коомчулук медицина тармагында өз укуктарын так билип алышса, коррупцияга жол берилбейт эле”, – дейт С.Нуралииева.

med_ukuk

“Акыйкат таразасы программасынын” бул ирээт чыгарылышында, мамлекеттик кепилдиктер программасынын негизинде элге көрсөтүлүүчү медициналык жардам тууралуу талкууладык. Студиябыздын коногу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын сапаттык экспертөө бөлүмүнүн башчысы Света Нуралиева болду.

-Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду азыркы учурда кандай иштеп жатат?

Эми коомчулукта медициналык багыт коррупцияга батып кеткен деген пикирлер айтылып келет. Бирок мамлекеттик кепилдиктер программасы бир топ убактан бери элдин калың катмарына ак кызматы менен жардам берип келет. Ооба, акча берсең дарыланасын болбосо сырта каласың деген сөздөр эл арасында байма-бай айтылып калат. Эгерде жарандарыбыз андайга жол бербей өз укуктарын так билип, мыйзамдуу талаптарды коюшса жогорудагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюлат эле дейм.

-Кошумча камсыздоо программанын негизги максатты эмне? 

Негизги функция карапайым элдин укугун коргоо болуп саналат.Ошол үчүн ар бир кайрылган жарандардын көйгөйүн жоопкерчиликтүү, тыкыр чечкенге аракет жазайбыз. Ушул камсыздырылган программанын негизинде, баардык жарандарга бирдей дары дармек менен камсыздалат. Тактап айтканда жаңы төрөлгөн ымыркайдан баштап өлкө башчыга чейин ушул программанын алкагында дарыланууга укук берилет. Биз берген кагаздарды толтуруп, бир жылдык полисти сатып алуунун жардамы менен өздөрүнө керектелчү дары дармектерге ээ болушат. Кошумча полис – бул медициналык багытта жеңилдетилген документ болуп саналат. Бир айдын ичинде эгер муктаждыгы бар жарандар бизге арыз менен кайрылса, бир айдын ичинде чечип бере алабыз.

-Учурда Бишкек калаабызда миллиондогон эл жашайт. Анын басымдуу бөлүгү ар кайсы региондон келип, шаардын сыртында батирде күн кечирүүдө. Эми алардын баары эле полис сыяктуу көмөкчү программаларды биле беришпейт да. Аларга кантип жеткирип жатасыздар?

Ооба, тилекке каршы ошондой көп болуп жатат. Мисал катарында бирин эле айтып кетсек, биз жакында эле шаардын сыртындагы Жеңиш жаңы конушунда эл менен жолугушуп келдик. Бул конуштун түзүлгөнүнө он жылдан ашык болуптур. Бирок эмдигиче тургундар каттоого туруша элек, эч документери жок экен. Ошого карабай үй-бүлөлүк медицина тобу ачылып, кызматкерлер иштеп жатышыптыр. Эгер кимдир бирөө үч айдан ашык, кайсы бир конушта жашаса квартал башчысынан жашаганы тууралуу сөзсүз справка алыш керек. Анан ошонун негизинде үй-бүлөлүк медицина борборунан толук кандуу дарыланууга укуктуу болот.

Бул программа Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

“Марал ФМ”, 30.11.2015-ж.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*