Көп пенсия алгыңыз келсе үлүш акысын үзбөй төлөңүз

Баткен районунун тургуну Исак Абдирашитовдун 60сотых үлүш жери бар. Ал  жер үлүшү  жөнүндө  акыркы чыккан мыйзамга ылайык үй бүлөсүндө  7 адам жашагандыктан быйылкы жылы 3185сом социалдык төлөм төлөөсү  керек. Буга И. Абдирашитов макул эместигин айтат. Анткени анын жерден алган пайдасы мындай төлөмдү  төлөгө  артпайт.

Жер айдоого 4000, үрөнгө  500сом, жер семирткичке 3000сом жумшадым, ал эми жер салыгына 135сом, суу акыга 500сом, анан үлүш акы деп 3185сом төлөй турган болсом менин жазы менен талаада кылган мээнетим такыр эле бааланбай калып жатат дейт дыйкан.  Ал жерден бир тонна жүгөрү  алдым. Учурда жүгөрүнүн баасы базарда 13сомду түзүүдө. Аны сатсам 13000сом болсун дейли. Ал эми менин талаага жумшаган чыгымым 12000сомдон ашты. Анда бизге эмне пайда. Мен бул жаңы мыйзам боюнча төлөмдү  төлөй албайм деп кошумчалады И.Абдирашитов. Ошондой эле өзү менен  кошо көпчүлүк  үлүш ээлери мына ушундай пикирде экенин да айтат.

Биз бул маселе боюнча жер үлүшү  жөнүндө  мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө  толугураак маалымат алуу үчүн Социалдык фонддун Баткен райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмазбек Абдиев менен маектештик.

Алмазбек Абдиевич айтсаңыз чын эле жер үлүшүнө болгон төлөм кескин түрдө көбөйдүбү?

– Ооба мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө КРнын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Ага ылайык бир адам орточо эмгек акынын 0,5% төлөөсү керек. Мисалы Баткен районунда орточо эмгек акы 7594 сомду түзсө, анын 0,5% ар бир жанга айына 37,97сом болуп эсептелет. Ошондо жылына ар бир жан 455сомдон социалдык төлөм төлөөсү керек. Төлөм мындан ары жыл сайын көбөйтүлүп тураарын да эскерте кетүүбүз керек. Тагыраак айтканда 2014-жылга чейин орточо эмгек акынын 4% түзөт.

Бул сумма ар кимдин канча үлүш жери бар ошого жараша болобу

– 2 гектарга чейинки аянтта үлүшү барлар бирдей өлчөмдө төлөм төлөшөт. Мисалы 10сотых үлүшү бар менен 2 гектар үлүшү бар адам бирдей төлөм төлөйт.

Эмне үчүн мындай, анда эл арасында нааразычылыктардын чыгышы турган сөз го

– Нааразычылыктар буга чейин чыккан. Мындан ары ким социалдык төлөм төлөсө ошого жараша келечекте пенсия алат. Мисалы мамлекеттик мекемеде иштеген кызматкер айына 10000сом маяна алса, ал айына 2700 сомдон социалдык төлөм чегерип олтуруп, бир жылда 32000сом которуп бир жылдык стаж кылат, ошол эле учурда 10сотых үлүш жери бар жаран айына 28сомдон, 1 жылда 455сом социалдык төлөм төлөп бир жылдык стаж алып жүргөн. Айырманы көрүп жатас да. жыйынтыгында 30,40жыл мамлекетик мекемеде иштеген кызматкер менен өмүр бою жер үчүн төлөм төлөп стаж топтогон жөнөкөй жарандын пенсиясында бир аз гана айырма болгон. Ошондуктан нааразычылыктар пайда  болуп, бизге кат аркылуу кайрылгандар көп болгон. Бул мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилишинин бирден бир себеби мына ушул десек болот.

Жогоруда жер иштеткен дыйкан бул төлөмдү төлөй албаганын айтты. буга эмне дейсиз

– Социалдык төлөмдү төлөө ыктыярдуу нерсе эмес, аны милдеттүү түрдө төлөө керек. Бир жылда аны эки бөлүп да төлөсө болот. Буга чейин дыйкандар жерине жараша, башкача айтканда 1,5сотых үчүн 3сомдон төлөм төлөгөн. Жыйынтыгында  социалдык төлөм Кыргызстандын бюджетинин 2% гана түзгөн. Ошондуктан ар бир жаран өзү жашап жаткан мамлекеттин мыйзамдарын сыйлашы керек деп ойлойм.

БУУПӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигинемүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуумаксатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктүжакшыртуу” долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Чолпон Бердикулова, Баткен таңы, 23.11.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*