“Аялдар ажырашса эле балдарын алып, айылына жөнөйт”

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында социалдык маселелер жок эмес. Жумушсуздуктун айынан жаштар көбүнчө сыртка  мигрант болуп чыгып кетишкен. Миграциянын күч алышы айылдагы  бир топ үй бүлө  очогунун бузулуусуна түрткү болду. Ажырашуудан биринчи кезекте аялдар менен жаш балдар жапа чегүүдө. Айылыбызда мындай окуялар каттала баштагандан биз Аялдардын демилгелүү тобун түзүп, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоону биринчи максат кылып, өз алдыбызча иштеп баштадык дейт аталган топтун төрайымы Сайрам Зулпукарова.

Биздин Ак-Сай айылындагы аялдардын демилгелүү тобу 2012-жылы түзүлгөн. Биздин топко 7 аял мүчө. Алар көп балалуу баатыр энелер,тажрыйбалуу мугалимдер, дарыгерлер, жеке ишкерлер жана айылда кадыр барктуу, сөзү өтүмдүү  аялдар. Биздин негизги максатыбыз айылдагы үй бүлөдөгү  зордук зомбулукту азайтуу дейт С.Зулпукарова.

Айылда чыр чатактуу үй бүлөлөр бар. Биз аларды да такай көзөмөлгө алабыз. Мисалы күйөөсү ичимдик ичип, үй бүлөсүнө жакшы карабай, аялына, балдарына зордук зомбулук көрсөткөн эркектерибиз жок эмес. Ошол эле учурда биздин менталитетибизге сиңип калган түшүнүк бар эмеспи, кээ бир эркектер аялдарды өз эркине койбойт, аларга ар кандай кысым көрсөтүп, коомго аралашуусун каалабай ур токмокко алгандар да бар. Тилекке каршы айылдагы кыз келиндерибиз да билиминин  тайкылыгынан, өз укуктарын толук билбегендиктен жапа чегип жүрө беришет. Биз мындай чыр чатактуу үй бүлөлөргө барып үй бүлө мүчөлөрүн ортого алып акыл насааттарыбызды айтып, эгер ушундай жоруктар кайра кайталана турган болсо мыйзам чегинде жазаланаарын айтабыз деп кошумчалады Сайрам Зулпукарова.

Ошол эле учурда ажырашкан үй бүлөлөрдү жараштыруу аракетин көрүп келебиз. Жыл башынан бери айылдагы көп жыл чогуу жашап, ажырашкан 4 үй бүлөнү жараштырдык. Турмуштун ар кандай сыноосуна туруштук бере албай ажырашкан үй бүлөлөрдүн жарашуусуна себепчи болдук десек болот.

Ал эми көпчүлүк аялдар ажырашкан соң балдарын алып төркүнүнө кетип калат. Айылдагы кыз келиндер күйөөсүнөн же кайын журттан мүлк талашуудан намыстанышат жана бул боюнча укуктарын билишпейт. Биздин демилгелүү аялдар тобу быйылкы жылы дал мына ушундай балдары менен үй жайсыз калган эки аялга сот аркылуу үй мүлкүн бөлүштүрүп бердик.

Азыр айылда аялдар кандайдыр бир маселе жаралса бизге кайрылып, арызданып жатышат. Анткени айылдагылар өз укуктарын кантип, каерге барып коргоону билишпейт жана тартынышат. Ошондуктан биз аркылуу көйгөйлөрүн чечүү оңой экенин айтышат. Ошол эле учурда ар кандай көйгөйлөрүн ачык айтууну каалабаган кыз келиндерге телефон аркылуу, мүмкүнчүлүккө жараша жардам бере алабыз дейт демилгелүү топтун төрайымы Сайрам Зулпукарова.Байланыш үчүн телефон 0772 66 52 83.

БУУПӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигинемүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуумаксатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктүжакшыртуу” долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Чолпон Бердикулова,Баткен таңы”, 13.11.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*