Гүлзар Дүйшенова мүмкүнчүлүгү чектелген болсо да, коомдук иштерге активдүү катышып келет. Ал 2010-жылы Японияга барып келген жана ал жакта майыптыгы барлар үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу айтып берди. “Японияда майыптыгы бар адамдар үчүн атайын жолдор, пульт менен башкаруучу коляскалар жана башка жакшы шарттар бар экен. Ошондой эле көчөдө жүрүүгө абдан ыңгайлуу”,- дейт. Биздин борборубуз Бишкекте бул жагдай кандай? Бул маселеге кызыгып Гүлзар Дүйшенова менен шаар араладык.
11. “Балдарымдын мектептеги чогулушуна да мектепке кирүүгө мүмкүнчүлүк жок болгонунан улам эле бара албайм. Бир уулум мектептин окуучусу” дейт Гүлзар Дүйшенова.
Мыйзам берген кепилдиктер
“Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саламаттыгын сактоо” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-бөлүмүнүн 43-беренесине ылайык, инфраструктуранын объектилери бардык жарандарга бирдей жеткиликтүү болушу керек.
Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү бийлик администрациясы жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ар кандай мекемелерге, коомдук транспортторго кирүүсүнө, маалымат менен камсыз болууларына мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө милдеттүү.
Ушул эле мыйзамдын 44-беренесинде “Коомдук жайларды, мекемелерди, аэропортторду, темир жолдорунун аялдамасын курууда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, аны менен катар коляска менен жүргөн жарандарды да эсепке алуу керек. Жогорудагы мекемелер мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынан өтүп жаткан учурда социалдык коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук бирикмелеринин катышуусу жок эксплуатацияга берилбеши керек.
Пандус кандай болушу керек?
Пандус – бетон, металл, жыгач сыяктуу ар кандай материалдардан жасалат. Азыркы күндө металлдан жасалган пандустарды көп кездештирүүгө болот. Себеби металлдан жасоо оңой. Пандустар кандай болушу керектигин аныктаган атайын мамлекеттик стандарт бар экенин көпчүлүк биле бербейт. Ага ылайык, пандустун бурчундагы бурулуштар 5 градусту түзүшү керек. Кээ бир жагдайларда бурулуш конструкциясы орнотулат. Бирок бул жерде да бурулуш 8%дан ашпай, жогорудагыдай эле 5 градуста болуусу шарт. Ѳтө тик пандустарга чыгууда кыйынчылыктар жаралып, коркунучтар туулат.
Пандус атайын горизонталдык багыт менен орнотулуп, анын туурасы 1,5 метрден кем болбошу керек. Эгерде чыга турган тепкич узун болсо, 80 см бийиктиктеги жантайган жолдон кийин сөзсүз түз жер болушу шарт. Аны менен катар эле пандус бекем жасалып, өтө оор салмактагы адам менен колясканы көтөрө ала тургандай жасалышы зарыл.
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, медициналык мекемелердин 80 пайызында гана пандустар бар. Ал эми үн чыгаруучу жол чырактар Бишкек шаарында гана бар.
“Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды”.
Даярдаган Мунара Кадырдин кызы, “Полит Клиника”, 24.09.2015-ж.
Оставить комментарий