Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар сабаттуу билим алып, эмгектенүүгө толук укуктуу

rafik

Статистикалык маалыматтарга таянсак Кыргызстанда 27 миң баланын 300 гана мектепке барат. Мунун көптөгөн себептери айтылып келет. Балдардын мектепке көп тартылбай жатышына, аймактагы майыптар үчүн шарттын жоктугу, ата энелеринин баласынын билимдүү болуусуна көңүл кош мамиле жасагандыгы жана турмуштук жетишпестиктер себеп болушу мүмкүн. Мындан улам өлкө аймагында жада калса башталгыч билими жок майып адамдардын саны арбын.

Негизи КРнын балдар кодексинде жалпы негизде билим берүү уюмдарында билим алууга жөндөмсүз, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мыйзамдарга ылайык, атайын топторду, класстарды же мамлекеттик же муниципиалдык калыптандыруу , ыңгайлаштыруу, коомго интеграциялоо борборлорун ачууну кошуу менен аларга акысыз билим берүүнү, жана кесиптик даярдыкты камсыз кылган өзгөчө шарттар түзүлөт.

Бирок майып балдарын коомго аралаштыруудан намсытанган ата энелер мындай мамилеси менен өмүр бою аларга кам көрүү менен өтөөрүн түшүнсө да баласынын билимдүү болуп, кесипкөй болуусуна кызыга бербейт. Ал эми өзгөчө айыл жериндеги ата энелердин калыптандыруу борборлору жөнүндөгү түшүнүгү да аз дейт адистер. Анын үстүнө ал жерде ар кандай деңгээлдеги балдар барууда. Бирөөсү бир аз сүйлөө речинде кемчилиги болсо, бирөөсү баса албай жөрмөлөп жүргөндөрү бар. Аны көргөн ата энелер балдарын алып келүүнү каалашпайт. Ошол эле учурда бул багытта адистерибиз (логопед) да жетиштүү эмес.

Кандай болгон күндө да мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар да толук кандуу окуп билим алууга, өлкө жараны катары эмгектенүүгө укуктуу. Баткен шаарынын тургуну Рафик Хабибулин бул багытта өзүнүн эрктүүлүгу менен башкаларга үлгү.

Хабибулин Рафик Камилович 34 жашта. Ал 2-топтогу майып, тубаса ДЦП оорусу менен жабыркайт. Рафик тубаса майып болгонуна карабай, баардык ден соолугу чың балдардын катарында балдар бакчасына барып, орто мектепте жакшы окуп, жогорку окуу жайына тапшырган. Баткен Мамлекеттик Университетин ийгиликтүү аяктап, бухгалтер кесибине ээ болгон соң Баткен райондук билим берүү бөлүмүндө бухгалтер кызматында 14 жылдан бери эмгектенип келет. Учурда үй бүлөлүү, татар улутундагы Рафик жакында эле кыргыз кызы менен баш кошуп, үйлөндү.

Рафик Хабибулин майыптыгы үчүн ай сайын мамлекеттен 3500 сом пенсия алат. Ал эми мамлекеттик мекемеде иштеп тапкан маянасы да жаман эмес. КРнын мыйзамдарына ылайык ал сыяктуу мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын эмгек маянасынан киреше салыгы кармалбайт жана социалдык төлөмдөр да башка дени сак кызматкерлерден 10%дан кармалса, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардан 2% гана кармалаарын айтат.

Мүмкүнчүлүгү чектелүү болгонуна карабай, эч кимге көз каранды болбой,өз алдынча аракеттенип жашоого ар бир адамдын өзүндө каалоо жана эрктүүлүк керек дейт Рафик. Эгер акыл эси ордунда болуп, физикалык жактан гана жабыркаса, анын билимдүү болуп, татыктуу жашоосуна толук мүмкүнчүлүктөр бар. Мындай учурда ата энелердин да ролу чоң. Оорулуу балдарын, үйдө кармап отура бербестен эгер алардын акыл эси ордунда болсо, бала бакчага, мектепке алып барып, коомго аралаштырып алардын сабаттуу болуусуна колдоо көрсөтүшү керек. Ошол эле учурда бир аз кыйынчылыктар болушу мүмкүн, мисалы мен окуган мектеп үч кабаттуу эле. Бутум менен кыйналып бассам да, жогорку кабатка чыгып, сабакка болгон кызыгуумдан жана өзүм куракты балдардан артта калбоо үчүн бардык кыйынчылыктарды жеңдим дейт ал.

Жарандык активист, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды колдоо багытында бир топ долбоорлор менен иштеп келген Сагынбек Сейдалиев майып балдарын коомго аралаштыруудан намыстанган же анын билим алуусуна кайдыгер мамиле жасаган ата энелер да жок эмес. Же болбосо буту баспаган же дагы башка физикалык жактан жабыркаган балдарын күн сайын мектепке алып келүүгө шарты жок үй бүлөлөр да көп экенин айтат. Бул маселени жеңилдетүүдө билим берүү тармагында инклюзивдик билим берүүнү активдүү колго алуу керек. Мындай оорулуу балдарды мугалимдер үйүнө барып окутуп жаткан учурлар азыр жок эмес бар, бирок жетиштүү деңгээлде эмес. Бул багытта билим берүү министрлиги менен Социалдык коргоо министрлиги активдүүрөөк иш алып барышы керек дейт ал.

Ошо эле учурда мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын бирөөгө көз каранды болбой, өзүн өзү камсыздоосуна шарт түзүү максатында алардын кесип үйрөнүүсүнө да көмөктөшүү манилүү. Бул багытта Баткен облусунун Лейлек районунда «Стимул» маалымат кеңеш берүү жана демонстрациялоо борбору тарабынан ден соолугу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар эми өз алдынча иштеп, пайда табууга жөндөмдүү болушту. Район аймагынан 20 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чөнтөк телефондорун оңдоо жөндөмдүүлүгүнө окуп үйрөндү. Бүгүнкү күндө алардын ичинен майып арабада олтурса да күн сайын келип, элдин телефондорун оңдоо, бирдик жүктөө кызматтарын көрсөтүп жаткан жаштар бар.

Мындай саамалык «Лейлек районундагы 20 мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды эмгекке жайгаштырууга көмөктөшүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Долбоордун максаты майып жаштардын заманбап кесиптин ээси болуусуна көмөк көрсөтүү менен аларды жумуш орундары менен камсыздоо болуп саналат дейт демилге жетекчиси Сагынбек Сейдалиев.

Материал БУУнун Өнүгүү Программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигнин «КРда сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүктү кеңейтүү, жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорунун» көмөгү менен даярдалды.

Чолпон Бердикулова, “Баткен таңы”, 21.09.2015-ж.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*