«Алты саны аман туруп, наалыгандарга түшүнбөйм»

mayyp

«Ач кадырын ток билбейт» дегендей кийинки мезгилдери көпчүлүк арасында күнүмдүк көр тиригликте кездеше калчу кээ бир көйгөйлөргө кейип- кепчип, өзүн унутуп, жанын кыйгандар, өзү аракет кылбай өзгөдөн талап кылууну гана билгендер, башкага жүгүн артып, жашоосуна наалыгандар, нааразы болгондорго көп кезикчү болдук. Бирок, айланга жакшылап назар ташсак, жараткандын сунган жагымсыз сыноолорун да, кыңк этпей көтөрүп, тиричилигин тыңдоого тырышкан инсандарды көрөсүң. Алардын кайратына таң калып, өмүрдүн баркы туурасында акыл калчайсың. Төмөнкү макалаларыбыз ошондой өзү мүмүкүнчүлүгү чектелгендигине карабай жашоо үчүн күрөшкөн инсандар туурасында болмокчу.

Жупуну кийинген, бир колунда дело, экинчи колунда таяк кармап, бутун араң шилтеп, акырын кадам таштаган бул жигит Ноокат райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын имаратынан чыкты. Ошондой кыбыраган кадамы менен кеңсеге жандаш салынган дүкөндүн бийик пайдубалынын тепкичтеринен бир топ убакытта араң көтөрүлдү. Магазинге баш багары менен терезенин жанына келип, дубалга сөйөнүп, чекесине чыккан терди аарчыды. Андан ары сатуучуга делонун ичиндеги бир топ кагаздарды нускалап берүүнү өтүндү. Биз аны ушул жерден кепке тарттык.

– Аты, жөнүм Тиллаев Аким. Отуз алты жаштамын. Экинчи топтогу майыпмын. Ноокат районуна караштуу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндө жашаймын. Үй- бүлөлүүмүн. Эгиз балдарым Жанболот менен Бекболот төрт жашта. Жубайым Алтынай . Ал да экинчи топтогу майып

– Азыр эмне иш менен жүрөсүңөр бул жерде?

– Дыйкан чарбанын кагаз иштери менен. Башта агаларым баарыбыз бирге бир дыйкан чарбада элек. Быйыл өзүмө тийиштүү 36 сотых жерди бөлүп, өзүмчө дыйкан чарба уюуштуруп жатам.

– Демек, сиздер дыйканчылык кылат экенсиздер да? Кыйналбайсыздарбы?

– Жоок. Эл катары үлүшүбүзгө картошка, жүгөрү эгебиз. Мен кыбырап суусун коем, аялым эгип, отоп дегендей иштерди аткарат. Апам балдарымды карайт. Айыл жеринде андай кылбасаң, ачка каласың да.

– Сиз мына ушундай үй-бүлөгө, жерге дагы ушул сыяктууларга байланыштуу кагаз иштерин дайыма өзүңүз бүтүрөсүзбү?

– Ооба.

– А мындай иштерде түшүнбөгөн жагдайлар болсо укутук жактан сизге ким кеңеш берет? Райондо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кеңеш берчү мекеме барбы?

– Анысын билбейм. Эч уккпапмын. Эгер болсо жакшы болот эле. Мен мындай учурларда дайыма айыл өкмөттөгүлөргө кайрылам. Алар мага кандай документтер кетет, ал үчүн кайсыл мекемелерге кайрылышым керек , баарын тизмектеп беришет. Бир гана маселе, кээ бир ишканаларга киргенде кыйналам. Себеби пайдубалдары бийик. Айрыкча экинчи-үчүнчү кабатка чыгуу мени бир топ түйшүккө салат. Ошондой эле кээде базар учарга келгенимде магазиндерге кирүү да кыйынга турат.

– Балдарыңыз бакчага барабы?

– Ооба барышат. Алардан үмүтүбүз чоң.

– Айыл өкмөт тарабынан жардам берилип турабы?

– Жыл сайын майыптар күнүндө, кээ бир майрамдарда жоктоп турушат. Ушунусуна да ырахмат.

– Сизди көбүнчө эмнелер түйшөлтөт?

– Айрым адамдарда топуктук жоголуп баратат. Ден соолугунун чыңдыгынын, жашоосунун тынчтыгынын баркына жетишпей кейип-кепчигендерди көп учуратчу болдум. Алты саны аман туруп, кыйналдым деп наалыгандарга түшүнбөйм. Адам жакшы жашаш үчүн, албетте аракет кылуу керек. Мен дайыма ошентип келем. Анан келечекте өз алдынча ишкердик кылсамбы деп да ойлоп коем. Бирок бул нерсе үчүн көп нерсе талап кылынат экен. Кагаз иштерин кошпогондо да каражат маселеси өтө кыйын. Азырынча биз сыяктууларга насыя берген банктардын бар экендигин уга элекмин. Буга кошумча биз сыяктуулар ишкердик менен шугулданса.

– Маегиңиз үчүн ырахамат.

– Сиздерге да ырахмат.

Бул макала Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат таңы”, 25.09.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*