Шарт жаратуу аракетинде

6-БЕТ СОТ-1

Тагдырдын жазмышыбы же жараткандын сыноосу дейбизби, айтор, арабызда барчу жерге өз буттары менен баралбай, жасоочу ишти өз колдору менен жасай албай кимдир бирөөнүн жардамы менен жылып жүргөн майыптар же болбосо бул жарыктыктын аткан таңы менен чыккан айын өмүр бою көрө албаган көзү азиз адамдар да арабызда өз күнүн көрүп келе жаткандыгы талашсыз. Андайларды көчө-көйдө, базарларда көргөнүбүздө айрымдарыбыздын жүрөгүбүз бир тыз этип, боорубуз ооруп, колубуздан келишинче көмөк көрсөтүүгө камына калчу жайбыз да бар. Ырас, бүгүнкү рынок экномикасынын рычагы ансайын күпүлдөп жаткан ушу тапта алты саны аман жарандар араң жумуш таап, тиричилик арабасын кылдыратып жаткан кезде, мындай мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалы кандай болуп жаткандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Мамлекет тарабынан берилген биртике жөлөк пул, берекесиз болуп жаткандыгы деле бештен белгилүү. Ошондон уламбы, айтор, азыр бакыйган шаарлардын баркан–шаркан кайнаган базарларында, адамга караганда автоунаалар араң жүргөн көчөлөрүндө аянычтуу үн, калтырап-титиреген колдорун созуп кайыр сураган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды күн санап көп көрчү болдук. А тургай мындай нерселерге кээ бирөөлөрүбүздүн көзүбүз да канып, алардын аянычтуу үндөрүнө кулагыбыз да көнүп бараткандай…

Дегениң менен 264 миң калк жашаган Ноокат районунун борборунда, тагыраагы базар-учурларында, коомдук жайларында, мекеме ишканаларында, жогоруда белгилегенибиздей, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды өтө сейрек учуратасың. Мунун себеби айыл жеринде жашаган андай адамдардын көчөгө чыгып тилемичилик кылышы же документ иштери менен кеңселердин эшиктерин каккылап, кезекке күтүп турушу, алардан да, алардын жакындарына, туугандарына катуу тиет. Ошондон улам мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коомдук жайларга байланыштуу кандай гана иштери болбосун дээрлик бардыгын алардын туугандары аткарышат.

Бирок арасында өмүр бою бирөөнүн желкесине жүк болууну каалабагандары да бар. Алардын катарына кырк алты жаштагы Ноокат шаарынын тургуну Ахмадали Мамадалиевди кошууга болот. Аны кепке тартсак: «Тагдырдын буйругу менен 1998-жылдан бери ушинтип коляскада жүрөм. Алгач, бүгүн деле жакындарым, кошуналарым, досторум колдорунан келишинче иштерибизди бүтүрүүгө жардам беришет. Бирок, акыйып аларды карап, өмүр бою кимдир бирөөгө жүк болуу да туура эмес. Андыктан кээ бир иштерди бүтүрүүгө өзүм аракет кылам. Мына үч-төрт жылдан бери там салуу үчүн жок дегенде эки сотых жер бергиле деп шаар мэриясына, акимчиликке кайрылып келем. Азырынча көнүл жылытаарлык жооп боло элек. Ушул иштин айынан көптөгөн мамлекеттик кеңселерге баш бактым. Ошондо аларга коляска менен кирүү мен үчүн кандай кыйынга турганын элестетип жатасызбы? Бизге окшогондорго түзүлгөн шарттар шаарыбызда кандай экенин өзүңүз деле жакшы билесиз… Адашпасам музейде гана коляска менен кирүүгө ылайыкташкан пандус бар. Жакында райондук соттун имаратында да пандус курулгандыгын угуп кубандым»,- дейт.

Өзүңүз баамдагандай Кыргызстандын башка район, шаарларындагыдай эле бул райборбордун көчөлөрү да, базарлары да, мекеме-ишканалардын кеңселери да баягы-баягы, эсил кайран эс-эс-эр мезгилиндеги мерчемделген долбоорлор менен курулгандыктан, дээрлик бардыгында мүмкүнүчүлгү чектелген жарандардын жүрүүсүнө жана кирип–чыгуусуна ылайыкташтырылган шарттар дээрлик эске алынбай калган.

6-БЕТ СОТ МАЙЫПТАР

Уккандын кулагы сүйүнсүн, жакында ушундай калктын аялуу катмарынын көйгөйлөрүн чечүү үстүндө жакшы иш башталды. Ал да болсо «Кыргыз Республикасындагы сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорунун алкагында БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен турмушка ашырылып жатат.

Мында жогорудагы аталган уюмдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана мамлекеттик каттоо кызматы, Социалдык өнүгүү министрлиги менен кызматташуу аркылуу мамлекеттик уюмдар жана сот системасы калктын аялуу катмарынын сот адилетүүлүгүнө мүмүкүнчүлүгүн кеңейтүү, укуктарын камсыздоо жана коргоо жаатында бир топ иш чараларды өткөрүштү. Ошондой эле мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине кызмат көрсөтүүнүн жаңы стандартка ылайык иш алып баруу жаатында окууларды уюштурду. Долбоордун алкагында Ош жана Кара-Балта шаарында 1000ден ашуун майыптыгы бар жарандардын катышуусунда аларды коом менен аралаштыруу, алардын көйгөйлөрүнө, жашоосуна, социалдык абалына бийликтин, жалпы коомчулуктун көңүлүн буруу максатында «Мен бармын, мен өз укугумду билем. Жүрөктөн- жүрөккө» атуу акциялар өткөрүлдү. Жогорку Кеңеш жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен Чүй жана Ош облустарында жайгашкан 27 сот имаратында майыптыгы бар жарандар үчүн мониторинг жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча ЖКнын адам укуктары боюнча комитети чечим кабыл алып, Өкмөткө, генпрокуратурага, Акыйкатчы институтуна, Соттор кеңешине атайын тапшырмалар берилди. Бишкек шаарынын жана Ош областынын айрым райондорунун сот имараттарына майыптыгы бар жарандардын ыңгайлуу кирип чыгуусуна шарт жаратуу максатында пандустар курулду.

Ошолордун катарында Ноокат райондук сотунун имаратына да пандус курулду. Буга байланыштуу иш чара өткөрүлдү. Ага райондук сот кызматкерлери, журналисттер, майыптыгы бар жарандар жана алардын жакындары катышышты. Иш чарада аталган райондун сотунун милдетин аткаруучу Каныбек Пирматов сөзгө чыгып: «Чындыгында биздин арабызда мүмкүнүчүлүгү чектелген жарандарыбыз бар. Алардын көйгөйлөрү да көп. Өкүнткөн жагдай мындай жарандар көбүнчө ошондой проблемаларын айтып келгенде, кайсыл мекеме –ишкана болбосун, аларга кирүү үчүн бир топ кыйынга турат. Ушул нерсени назарда тутуп биз да «Кыргыз Республикасындагы сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорунун жардамы менен имаратыбыздын астына бүгүн минтип, пандус куруп олтурабыз. Бул албетте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын бизге кирип чыгуусуна дегеле биз менен байланышуусуна ыйгайлуу болот деп ойлойм»,- деген пикирин билдирди.

Ал эми аталган долбоордун эксперти Шарабидин Таиров болсо: «Бүгүн жана буга чейин биздин долбоордун алкагында аткарылган бардык иштер элибизге жардамы тиет деген ниеттебиз. Биз бүгүн, мындан тышкары Ноокат районунун Кулатов жана Кеңеш айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине укуктук жактан жардам берүү максатында жакшы иш баштоонун алдында турабыз. Анда да негизги басым майыптыгы бар жарандар менен кантип иштөө керек сыяктуу маселелерге коюлат»,- деген жакшы каалоосун айтты.

Ал эми Ноокат шаарынын тургуну, 1-топтогу майып Гулмира Осмонова болсо бул долбоорду ишке ашырып жаткандардын баарына ыраазычылык билдирди.

-Чындыгында биз сыяктууларга да көңүл бурулуп жаткандыгына кубанып турам. Кээде жумушубуз чыгып, кайсы бир мекемелерге барганыбызда, ал жакка кире албай аябай кыйналабыз. Көчөдө деле жүрүшүбүз машакат. Айыл өкмөттөрдүн, мекеме-ишканалардын кеңселерине да ушундай пандустар курулса абдан жакшы болоор эле,-деген каалоосун айтты, кубанычын жашыра албаган Гулмира биз менен болгон маектешүүсүндө.

Ырасында да аталган райондун сотунун имаратынын алдында майыптыгы бар жарандар үчүн пандустун курулушу чоң жаңылык болду. «Эбепке-себеп», дегендей «Кыргыз Республикасындагы сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорунун алкагында БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен турмушка ашырылып жаткан мындай иштердин таасиринен улам, район борборунда айрым мекеме-ишканалар да мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кирип-чыгуусуна шарт жаратуу үстүндө аракет кылып жатышкандыктары айтылууда.

РЕДАКЦИЯДАН: Бул макала Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмүкүнчүлүктү жакшыртуу» долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Нуркамил Абдуллаев, “Ноокат таңы”, 11.09.2015-ж.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*