Оштогу көзү азиздер мектеп окуучуларына китеп жетпейт

Жаңы окуу жылына карата Оштогу атайын мектепке кыргыз тили, кыргыз адабияты жана кыргыз тарыхы боюнча брайн тибиндеги 120 китеп берилди. Мектеп директору Айгүл Кудайкулованын айтуусунда, мунун эсебинен окуучулар китеп менен 50% камсыз болушту.

Учурда мектепте география, физика, биология, математика сыяктуу китептер жок. Ал сабактар үчүн мугалимдер кадимки китептерди колдонууга аргасыз.

Республиканын түштүгүндөгү жалгыз көзү азиздер мектебинде 115 окуучу билим алат. Мектеп 2013-жылы ачылган.

Азаттык

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*