Баӊгичилик менен күрѳшүүнүн эл-аралык күнү болгон 26 июньда, доктор Назаралиевтин Медициналык борбору бекер дарылануу курсунан ѳткѳрүү үчүн баӊгичиликтен жапа чеккен бейтапты кабыл алууга даяр.
Бейтап “Акыл-эс баӊгизаттан тышкары” Дүйнѳлүк лигасы Кыргызстанда ѳткѳрүп жаткан “Сен ааламга керексиӊ!” кайрымдуулук программасынын катышуучусу болуп калмакчы.
Программанын негизги максаты – баӊгичиликтен жапа чеккен бейтаптарга бул илдеттен кутулууга жардам берип, аларга айгууга карай жолду кѳрсѳтүү. Биз бейтаптарга оор абалдан чыгуунун жолу качан да болсо табыла тургандыгын билдиргибиз келет. Биздин максат – адамга жаӊы жашоону баштоого мүмкүнчүлүк берүү.
Акцияга катышуу үчүн сиз тѳмѳндѳгү телефонго байланышка чыгууӊуз зарыл 0775 58-50-09.
Сизди катышуунун шарттары менен тааныштырышат.
Оставить комментарий