Сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүк жана укук темасын чагылдыруу боюнча журналисттердин арасында республикалык сынак

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана БУУӨПтүн (ПРООН) “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктү жакшыртуу” долбоорлору Кыргыз Республикасынын журналисттеринин арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, балдардын, элеттик аялдардын, жаштардын жана этникалык азчылыктардын сот адилетттигине болгон мүмкүнчүлүгү жана укук  маселеси тууралуу даярдалган журналисттик материалдардын сынагын жарыялайт.

Сынактын максаты:

– элеттик кыз-келиндерге, балдарга, жаштардын опурталдуу тобуна, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана этникалык азчылыктарга өзгөчө көңүл буруу аркылуу калктын алсыз катмарларынын укуктук маселелерин жакшыртууга көмөктөшүү;

– эл аралык укук коргоо стандарттарына жана сунуштарга ылайык акыйкаттыкка жетүүнү жана укуктук жардамды жакшыртуу.

Аялдар, балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана жаштардын опурталдуу тобундагылар акыйкаттыкка жетүүдө орчундуу көйгөйлөргө туш болот. Билимдин жана тажрыйбанын жоктугу, экономикалык көз карандылыгы, өзүлөрүнүн укуктарын жакшы билбегендиги, өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жолдору тууралуу коомдун начар кабардар болушу жана көпчүлүк учурда керектүу документтердин жоктугу укук коргоо органдары, сот, бейөкмөт уюмдары, укуктук клиникалар, аксакалдар соту сыяктуу расмий жана расмий эмес акыйкаттыкка жетүү боюнча органдарга кайрылууда кыйынчылыктарды жаратат.

Сынактын шарттары:

Сынактын жеңүүчүлөрү телеберүү, радио, басма сөз жана интернет-басылмалар боюнча өз-өзүнчө аныкталат.

Сынакка катышуучу өзү тууралуу маалыматтар (аты жөнү, иштеген ЖМК же интернет-басылмасы, байланыш маалыматтары) менен 2015-жылдын 1 июлунан 2015-жылдын 30 ноябрына чейин жогоруда белгиленген темага жазылган 3 төн 7 ге чейинки материалдарын уюштуруучуларга жөнөтүшү керек.

Сынакка катышыш үчүн анкетаны бул жерден жүктөп алса болот.

ЖМКлардын түрүнө жараша материалдарды жөнөтүү жолдору:

– теле-радио материалдар видео же файл хостингине (youtube же namba) жүктөлүп, аларга шилтемелер жана материалдар тууралуу маалыматтар (материалдын эфирге чыккан мөөнөтү, темасы, узактыгы) уюштуруучулардын электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек;

– гезит-журналдарда жарык көргөн материалдар сканерден өткөрүлүп, материалдын жарыяланган мөөнөтү, темасы, автору тууралуу маалыматтар электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт;

– интернет-сайттарда жарыяланган материалдарга шилтемелер жөнөтүлүшү керек;

– эгерде видео же аудио материал расмий же мамалекеттик тилден башка тилде жарыяланган болсо, анда уюштуруучуларга материал менен кошо анын сценардык планын да жөнөтүш керек.

Жеңүүчүлөрдү кимдер аныктайт?

Жеңүүчүлөрдү ЖМКнын ар-бир түрү жана интернет-басылмалар боюнча 3 адамдан турган өз алдынча калыстар тобу аныктайт. Анын 2 мүчөсү абройлуу, тажрыйбалуу медиа адистер, ал эми 1 мүчөсү укук маселеси боюнча адис.

Сыйлыктар:

ЖМКнын ар-бир түрү жана интернет-басылмалар боюнча сынактын жеңүүчүлөрүнө төмөнкүдөй сыйлыктар каралган:

1-орун – 750 доллар

2-орун – 550 доллар

3-орун – 350 доллар

Кызыктыруучу сыйлык – 100 доллар 

Матералдарды каякка жибериш керек?

Материалдар жөнөтүлө турган электрондук почта: journalist.kg@gmail.com

Байланыш үчүн телефондор: 0772 55 10 83 Марат Токоев, 0552 17 23 45 Рахат Саламатова.

Кошумча маалыматты http://law.journalist.kg/ сайтынан алсаңар болот.

Дедлайн

Матералдарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2015-жылдын 30-ноябры, 12:00

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*