Бишкекте азиз киши капчыгын түшүрүп алганда, көзү көргөндөрдүн мамилесине таңгаласыз (видео)

 

Бишкекте “азиз” киши капчыгын түшүрүп алууга байланышкан социалдык эксперимент ошол көзү көрбөгөн адамдын ролун ойногон Каныбек Бейшенбековду абдан таң калдырды. Өзгөчө эл кайнаган Ош базарындагы мекендештерибиздин жасаган мамилеси башкача болду.

Бишкекте “азиз киши капчыгын түшүрүп алды” деп аталган социалдык эксперимент жасап, анда көзү көрбөгөндөргө соо кишилердин мамилесин текшерип көрдүк.

Эксперимент 22 жолу жасалып, анда бир да кишинин “түшүп калган капчыкты” алып койгонун кезиктирген жокпуз. Тескерисинче, “азиздин” артынан чуркап келишип, колуна карматып жатышты.Журналисттер капчыкка 100 сом эмес, эми 1000 сомду чети көрүнгөндөй кылып салып, дагы эксперимент жасашты.

“Окуя” алгач, шаардын борборунда, андан кийин эл кайнаган Ош базарында болду. Баары бир эч ким “азиздин” акчасын акырын алып койгон жок. “Акчасын жоготкон” Каныбек Бейшенбеков буга абдан таң калгандыгын билдирди. Баары бир жакшы адамдар арабызда аз эмес.

Sputnik / Табылды Кадырбеков
16.09.2015
Дагы: https://sputnik.kg/video/20150916/1018379269.html

1 Trackback / Pingback

  1. Көзү азиз адамдын акчасын туура майдалап беришеби? Бишкектеги соцэксперимент – Сот адилеттигине жетүү

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*