Сузак районунда 13-15-сентябрда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында өткөн облустук VI спартакиадага Кара-Көл шаарынын барган спортчулар алдыңкы орундарга ээ болуп келишти. Бул тууралуу шаардык мэриянын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Нурбү Үсөнова билдирди.
Анын айтымында, спартакиадага облустун район-шаарларынан 12 команда катышып, командалык эсеп боюнча Кара-Көл шаары 3-орунду ээледи.
«Кара-Көл шаарынан барган Бакай Уулу Эрманбет штанга көтөрүү боюнча 1-орунду багындырды. Ал эми аялдар арасындагы шахмат боюнча мелдеште 1-орунду Атыркүл Алдакенова, эркектер арасындагы мелдеште Акылбек Шарапиев 3-орунду ээледи. Ошондой эле, аялдар арасындагы кол күрөштөн Айсулуу Анарбек кызы 2-орунду ээлеп кайтышты», – деди ал.
Сузакта мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында облустук спартакиада өтүүдө (фото)
Базар-Коргондогу мүмкүнчүлүгү четелген жарандар облустук спартакиадада жеңишке жетишти (фото)
Turmush
15.09.2016
http://www.turmush.kg/news:310918/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply