Караколдо зомбулукка дуушар болгон аялдар үчүн сот адилеттигине жетүү маселелерин талкуулашат

2016-жылдын 13-сентябрында “Абийир Эл” коомдук бирикмеси “Тагай Тай” мейман үйүндө саат 9:30да зомбулуктун ар кандай түрүнө жана кулчулуктун азыркы мезгилдеги түрлөрүнө (кыз ала качуу жана мажбурлап никеге тургузуу) дуушар болгон аялдар үчүн эффективдүү сот адилеттигине жетүү проблемаларын чечүү боюнча бир күндүк семинар өткөрөт. Семинарга укук коргоо органдарынын, соттордун, ЖМКлардын, жергиликтүү жамааттардын, коомдук кеңештердин, жергиликтүүаймактык башкармалыктардын жана Каракол шаарынын мамлекеттик органдарынын жана үч максаттуу калктуу конуштун, анын ичинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районун Боз-Учук, Кереге-Таш жана Маман калктуу конуштарынын өкүлдөрү катышат.

Семинардын катышуучулары зомбулуктун ар кандай түрүнө жана кулчулуктун азыркы мезгилдеги түрлөрүнө дуушар болгон аялдардын эффективдүү сот адилеттигине жетүүсүнүн учурдагы проблемалары тууралуу маалымат алышат. Бул семинар аялдарга карата зомбулукка каршы турууга кызыкдар болгон бардык зарыл ишке тартылган тараптардын өз ара аракеттенүүлөрүн жакшыртууга жардам берет, бул аялдардын эффективдүү сот адилеттигине жетүүсүн жеңилдетет.

“Абийир Эл” коомдук бирикмеси бул семинарды “Ысык-Көл облусунун максаттуу калктуу конуштарында иштөө үчүн зомбулуктун ар кандай түрүнө жана кулчулуктун азыркы мезгилдеги түрлөрүнө дуушар болгон аялдарга юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүүнүн ишеним кызматы” долбоорунун алкагында өткөрүүдө. Долбоор Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) алкагында ишке ашырылууда, ал Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги(USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

13 Сентябрь 2016 

http://kyrgyztoday.kg/ru/news_ky/karakoldo-zombulukka-duushar-bolgon-ayaldar-uchun-sot-adilettigine-zhetuu-maselelerin-talkuulashat/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*