Түп районунун Михайловка айылынын тургуну Сонун Борончиева «Келечек Сары-Көл» деп аталган майыптардын коомдук уюмун түзгөн. Бул жакта мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланышат.
Элеттик айым балдардын ата-энелерин дагы ишке тарткан. Алар күндүзү балдары менен бирге ар кандай азем белектерди жасашат. Жасаган буюмдар чет өлкөлөргө жөнөтүлөт. Мындан сырткары, ал өз үйүнө күнөскана ачып, алган түшүмүн коомдук уюмдагы балдарга берет.
«Балдар ар тараптуу колдоого муктаж. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кол өнөрчүлүккө үндөө менен алардын ата-энелери дагы ишке тартылган. Алар жасаган азем белектерге чет элдиктердин суроо-талабы күч. Мындан тышкары, күнөсканадан бир сезондо эки жолу түшүм алабыз», – дейт Сонун Борончиева.
Коомдук уюмдагы балдарды өз балдарындай көргөн С.Борончиеванын ишине ата-энелер ыраазы.
Turmush
22.06.2016
http://barakelde.turmush.kg/news:300965
Leave a Reply