Юстиция министрлиги жер-жерлерде акысыз юридикалык жардам көрсөтөт

1018196328

Аталган иш-чара юристтердин кесиптик майрамын утурлай уюштурулууда.

Юристтердин кесиптик майрамын утурлай Юстиция министрлиги тарабынан жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү кызматтары уюштурулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Юстиция министрлигинин медиа эксперти Гүлзада Шаршеналиева билдирди.

Иш-чара 22-23-июнь күндөрү “Укугуңду бил” ураанынын астында бүтүндөй республика боюнча өтөт.

 Укуктук жардам юстиция министрлигинин юристтери тарабынан жазуу жана оозеки түрүндө берилет. Акысыз юридикалык жардам берүү пункттары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын имараттарында жана калктуу жайларга жайгаштырылат.

Уюштуруучулардын билдирүүсүнө ылайык, иш-чаранын негизги максаты — жарандардын укугун коргоо, калктын укуктук сабатын жана маданиятын жогорулатуу менен жергиликтүү бийлик, юристтер жана калктын өз ара мамилесин бекемдөө болуп саналат.

БИШКЕК, – Sputnik

22.06.2016

sputnik.kg/society/20160622/1026815298.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*