72 жаштагы эне эки уулунун майыптыгын 10 жылдан бери далилдей албай жүрөт

Ошто жатакананын ашканасында жашаган  Күмүш Чынбаеванын эки уулу тең ооруулуу. Алардын майыптыгын далилдеп, жөлөкпул алууга үй-бүлөнүн каражаты жок. Азыр эне-балдар карыган кемпирдин кайырчылап тапканына күн кечиришет.

Күмүш Чынбаеванын жолдошу оор операциядан улам мындан 30 жыл мурда каза болуп калган. Турмуштун оош-кыйышынан Чынбаева калаанын борборундагы үйүн сатып, карыздарын кутулган да, балдары менен көчөдө калган. Кийинчерээк алар Касымбеков көчөсүндөгү үй-бүлөлүк жатакананын ашканасынан башпаанек таап, ал жерде 15 жылдан бери күн кечирип келишет.

«Чон уулум Мурат Чынбаев  ашказан жарасы менен ооруйт, ракка айланып кеткенин дарыгерлер айтышкан. Операция жасалышы керек эле, акча кайдан дейсин ага. Иштей да албайт, үйдө жатат. Мен өзүм мечиттин алдына барып, кайыр тилеп, күнүнө 200-300 сом таап келип, багып жатам»-деп Чынбаева турмушунун оордугун сүрөттөп берди.

Айтымында калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгынын адистери уулдарынын саламаттыгы тууралуу тийиштүү кагаздары алып келсе, майыптыгы боюнча пенсияга чыгарууну убада кылышкан. Бирок Күмүш эже 10 жылдан бери уулдарынын майыптыгын далидей албай келет.

«Акчам жок, кичине уулум 1971-жылкы, ооруусу — гепатит А,В,С. Бирок аларды далилдей турган медициналык корутундуларды жаңылап алып кел дешкен соцкоргоо башкармалыгынан. Барсам 3800 сомго анализ тапшыргыла деди, менде кайдагы 3800 сом дейсиң, нанга араң акча таап жүрсөм. Ошентип, эки уулумду тең майыптыкка чыгара албай жүрөм. Балдарым жумушка жарабайт”,-дей Чынбаева.

Эненин саламаттыгы да жакшы эмес. Көрүүсү начарлап баратат.

«Мени да операция кылыш керек, көзүмө парда кийилип калыптыр дешти, бирок ал учун 7000 сом акча керек деди, ага да акчам жок».

Жашоо шарты да оор болгонун айткан Чынбаева Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевден жатаканадагы шартты ондоп-түзөп берүүгө жардам сурады.

Ош шаардык турак-жай департаментинин башчысы Мирлан Исраилов жалгыз бой эне катары Чынбаева жер алууга укуктуу экенин айтты.

«Эгер бизге кайрылса, биз кандай документтер керек экенин айтып, кеңеш берип, колдон келишинче жардам беребиз»-деди Исраилов.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

Жанна Аскарова, Азаттык үнү, Ош, 20.01.2016,
http://vof.kg/?p=29678&lang=kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*