Курсагы ток баланын көңүлү куунак, окуусу жакшы

baldar

2006-жылдан бери Кыргызстандын Өкмөтү мектептерде балдарга тамакберүүгө каражат бөлүп келатат. Соңку жылы эл аралык уюмдардын жардамыменен эки жүздөн ашык мектепте ысык тамак берүүгө жетишип калышты.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кызматкери, “Мектептердетамак берүүнү оптималдаштыруу” программасынын өкүлү Нурбек Абубакировдун айтымында, мектепте ысык-тамак берүү балдардын билим алуугаболгон укуктарын коргоону жакшыртууга олуттуу таасир көрсөтүп жатат.

– 2006-жылдан бери мамлекет тарабынан мектепте тамак берүүгө бала башына беш сомдон бөлүнүп баштаган. Кийин жети сомго көтөрүлүп, тоо жериндеги балдарга он сомдон каралган. Булакчага мектептер булочка же сүттөгөнчай бере алышат. Биздин долбоордунмаксаты ошол мамлекет бөлгөн акчагамектептерде балдарга ысык тамак берүүгөжетишүү болуп саналат.

– Жети-он сомду ысык тамак бергенге кантип жеткирип атасыңар?

– Биздин долбоорго кирген мектептерушул акчага ысык тамак берүүгө жетишебашташты. Сөзсүз түрдө күн сайын эмес,жумасына эки-үч жолу берсе болорункөрүп жатабыз.

– Сиздердин долбоор аркылуу канчамектепке ысык тамак берүүгө мүмкүнболуп жатат?

– Оптималдаштыруу долбоору 2013-жылы башталган. Азыркы күндө Кыргызстан боюнча 261 мектепте ысык тамакбериле баштады. 2017-жылга чейин дагыжүздөй мектеп кошулат. Ошондо Кыргызстандын мектептеринин 15-20% ушулдолбоорго кирген болот.

– Мектептерде ысык тамак берүүнүнокуучулардын окуусунун сапатынжакшыртууга кандай таасири тийипжатканын изилдеп-иликтеп көргөндөрбарбы?

– Кыргызстан боюнча изилдөөлөржүргөн эмес. Бирок ата-энелердин жанамектеп жетекчилеринин айтканына таянсак, ысык тамак ичкен балдардын курсагыток, көңүлдөрү куунак болуп, сабактаргакатышуусу активдүү болуп жатат. Ошолэле учурда сабакты калтырган балдардынсаны да кескин азаят экен. Өзгөчө кышкелгенде балдар суук тийип көп ооруйтэмеспи, ал эми мектепте ысык тамак ичипжүргөн балдар оорушпайт жана ооруганбалдардын саны да азайып жатканынмектеп директорлору айтышууда.

Мектепте ысык тамак берүүнүн балдардын саламаттыгын чындоодо маанисичоң. Балдар күнүгө керектей турган калория же азык-түлүктөрдөгү пайдалуу заттардын 30 пайызын мектептеги тамактануудан алышы керек экен. Анткени балдарубактысынын көбүн мектепте өткөрүшөт.Ошондуктан мектепте сапаттуу тамакаштын болгонунун мааниси абдан чоң.

Балдар сабак окуганда жана ары-беричуркаганда көп энергия коротушат, анынордун мектепте толуктап туруу керек. Бизде изилдөө болбогон менен Индия жана башка өлкөлөрдө тийиштүү изилдөөлөр болгонун айта кетейин. Ошондой изилдөөлөр мектепте берилген тамак-аштын балдардын окуусунун натыйжалуу болушуна таасири абдан чоң экенин көрсөткөн.

– Коңшулаш Казакстан, Өзбекстан же Россиядагы мектептерде балдарга тамак берүүнүн Кыргызстан үчүн алгылыктуу тажрыйбасы бар бекен?

– Казакстанда, Тажикстанда жанаРоссияда биздин мамлекетке окшоп,балдарга мектепте тамак берүүгө анча

көңүл бурбайт, кам көрбөйт. Бул ишбүтүндөй ата-энелерге жүктөлгөн.

– Өзүн курчаган мамлекеттер арасында Кыргызстан өзгөчөлөнүп окуучу балдарга мектепте тамак берип,кээ бир учурда ысык тамак берүүгөжетишип жатканына эл аралык коомчулуктан берген баасы кандай болупжатат?

– Сентябрь айында биз социалдыкколдоо жана тамак-аш боюнча Россиядаболгон бир форумга барып келдик. Бизменен кошо билим берүү министрининорун басары да кошо барып, мектептерде тамак берүү иштери кандай колгоалынганын айтып маалымат берди. Көпөлкөлөрдүн өкүлдөрү келип, өздөрүнүнтажрыйбасын бөлүштү.

Кыргызстандын тажрыйбасы аябайэле жакшы баага татыктуу болду. Анткени, мамлекет колунан келишинче булишке өзүнүн колдоосун көрсөтүп жатат. Башка өнүккөн өлкөлөрдө балдарды мектепте тамактандырууга бөлүнгөн акчалардын көлөмү чоң. Жети сом-он сом дүйнөлүк масштабда арзыбаган акча болсо да бир топ ишке жарап жатат, ошондой эле ата-энелер менен тыгыз иш жүрүүдө. Ата-энелер да өздөрү балдарды мектепте тамактандырууга күнүнө үч-беш сомдон бөлүп жатышат.

Айыл өкмөттөрүнүн да колдоосу жакшы экенин айта кетишибиз керек. Мектептердин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча суу жеткирүү, канализация куруу, ремонт сыяктуу көп иштерди айыл өкмөттөрү өздөрү бүткөрүүдө. Бул долбоорго колдоо көп тараптуу болуп жаткан үчүн ийгиликтүү ишке ашууда.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Маектешкен Кубат ЧЕКИРОВ, “Кутбилим”, 18.12.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*