Эске алынбаган эмгек келишими

trud

Бүгүнкү күндө коомдук жана тез тамактануучу жайлардын, тигүүчү цехтердин, ошондой эле курулуш иштеринин көпчүлүгүндө студенттердин иштеп жүргөндүгү бардыгыбызга эле маалым. Бирок жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосунда мыйзамдуу түрдө эмгек келишими түзүлбөгөндүктөн, көптөгөн чыгымдар жана маселелер студенттердин өз көйгөйү бойдон калууда.

Кыргызстандын мыйзамында жазылган эмгек кодексине ылайык, кандай гана жумуштун түрү жана жумушчу күчү болбосун, ишкана менен эмгек келишимин түзүүгө жана социалдык фондго каражат которууга милдеттүү. Бирок бул мыйзам кагаз жүзүндө гана калууда. Бул маселе эмнеден улам пайда болууда жана андан кимдер жапа чегип, кимдер пайда көрүп жатат?

Окуудан сырткары иштеп жүргөн студенттердин бири – Сезим Айдарбекова. Ал үч жылдан бери коомдук тамактануучу жайларда официант болуп иштейт. Анын айтымында, кафе, ресторандардын жетекчилери эч кандай эмгек келишимин түзбөй эле жумушка алышат.”Бирок, зыяндардын көпчүлүгү официанттардын мойнундагы оокат”,- дейт Сезим. “Мен бош убактыларымда кафелерден иштеп, жол жана тамак-ашыма өзүм акча табам. Бул бир аз да болсо ата-энемдин мага кеткен чыгымын жеңилдетет. Бирок кээ бир кафелерде тажрыйба топтоо мөөнөтү бүткөн соң, ар кандай шылтоолор менен жумушка алышпайт. Бир жума бекер иштеп калган учурларым болгон. Бирок эмгек келишими түзүлбөгөндүктөн, акы талап кыла алган жокмун”,-дейт Сезим. Дал ушундай көрүнүш кийинки каарманыбыздын да башынан өткөн. Адилов Максаттын айтымында, ал эки тарелканы кокустуктан сындырып алгандыгы үчүн үч күн бекер иштеп берген. Ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинде жоголгон же кокусунан сындырылган буюмдун ордуна жаңысын алып берсе болот деп жазылган. Бирок кафе ээлери эмнегедир бул норманы эске албай, он эселенген акчасын гана алышат.

Күндүз окуусуна, түнкүсүн жумушуна жетишип жүргөн дагы бир каарманыбыз Миргүл Жаныбек кызы. Ал кечки саат жетиден түнкү саат он экилерге чейин тигүүчү цехте кийимдерди таңгактап иштейт. Бирок коопсуздук маселесин жетекчилик моюндарына албагандыгын айтат. “Түнкүсүн үйүмө жөө жарым сааттай убакытта жетем. Такси чакырайын десем, тапкан акчамдын бардыгы жол киреге кетет. Ал эми кечкисин жолдо жүрүү кыз кишиге көп эле кооптуу”,- дейт Миргүл айым.

Ал эми коопсуздук маселеси боюнча тигүүчү цехтин ээлерине кайрылганыбызда, алар жумуштан тышкары эч кимдин коопсуздугуна жооп бербей тургандыгын айтышты.”Башка цехтерде кандай экендигин билбейм. Бирок биз жумушчуларды түнгө калса да, үйүнө жеткирүү милдетин өз мойнубузга албайбыз. Бул тууралуу кызматкерлерге жумушка алардан мурда эскертебиз”,-дейт ишкана ээси.

“Жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн бул кайдыгер мамилеге жеке эле ишкана же коомдук тамактануучу жайлардын жетекчилери күнөөлүү эмес”,-дейт борборубуздагы “Жалал-Абад” кафесинин администратору Бегимай Эшимбекова. Ал жумушта иштеп жаткан студенттердин көбү ар кандай шылтоолор менен паспортторун алып келүүдөн баш тарткандыгын айтты. ”Ал эми эмгек келишимин түзүү алардын оюна да келбейт”,- деп кошумчалады. Бул маселе боюнча борборубуздагы бир катар кафе ээлерине кайрылганыбызда, алар да дал ушундай жоопторду узатышты.

Көпчүлүк анча маани бербеген, бирок көмүскө экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн бул жагдайды мыйзам жолу менен чечүүнүн бирден-бир жолу – бул борборубуздагы Эмгек миграция жана жаштар министирлигинин колдоосу менен түзүлгөн “Жаштар эмгек биржасы”. Анын жетекчиси Азиз Идирисовдун “Азаттыкка” берген маалыматына таянсак, бул уюмда студенттер үчүн дайыма 100 бош жумуш оруну болуп турат жана орточо айлыктары 7000-10000 сомдун тегерегинде. Бирок “Жаштар эмгек биржасы” тууралуу көптөр биле беришпейт.

Көрүнүп тургандай, студенттердин көпчүлүгү эмгек келишими жок иштешет. Бул жагдай студент жумуш убактысында кандайдыр бир кырсыкка учурап кала турган болсо, иш берген тарап ал боюнча эч кандай жоопкерчиликти мойнуна албайт дегенди билдирет. Ошону менен бирге иш берген тарап студенттин акысын жеп койгон учурда, студент анын үстүнөн расмий түрдө арыз-доого барышы да маселеге айланат. Расмий эмес маалыматтарга караганда, борбор калаабызда билим алып жаткан студенттердин 60 пайызга жакыны окуу учурунан сырткары иштеп, күнүмдүк жашоолору үчүн акча табышат. Мунун өзү студенттердин жоон топ армиясынан пайда тапкан иш берүүчүлөр тарабынан көмүскө экономика кулач жайып жатканынан кабар бербейби?

Аскат Байматов, юрист: “Жумуш берүүчү эмгек келишимин түзбөсө жазаланат”

– Эмгек Кодексине ылайык, жумуш берүүчү кызматкер менен эмгек келишимин түзүүгө милдеттүү. Ал эмгек келишиминде жумуштун шарттары, айлык акысы, убактысы, кошумча шарттары толугу менен көрсөтүлүшү керек. Анан кызматкерге эмгек китепчесин ачууга милдеттүү. Бул шарттарды аткарбаса, ага административдик айып түрүндө өзүнчө жоопкерчилик каралган. Укугу бузулуп жаткан жаран адегенде жумуш берүүчүгө дооматтарын расмий түрдө кат кылып жазып тапшыруу керек “Сиз тараптан Эмгек кодексинин мындай шарттары бузулуп жатат” деп. Андан соң эч кандай жооп болбосо, Мамлекеттик экотехинспеция деген, Эмгек инспекциясы деген кызмат бар, ошол жакка арыз менен кайрылуу керек. Же болбосо кафе же дүкөн, айтор, мекеме кайсы райондо жайгашса, ошол райондун сотуна арыз менен кайрылса болот.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Жылдыз Арыстанбек кызы, Полит Клиника, 17.12.2015

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*