Сурамжылоо: Эркектердин 18% гана декретке чыгууга макул

Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду Бишкекте жана Чүй, Талас облустарында аталар арасында сурамжылоо жүргүзүп, ага катышкан эркектердин 18% гана жубайына бала багууга жардам берип, декретке чыгууга даяр экенин аныктады. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” ЮНФПА уюмунун өкүлү Нора Суюналиева билдирди. Анын айтымында, былтыртан бери аталган үч аймакта “Жоопкерчиликтүү аталык” деген программа ишке ашырыла баштады. Максаты – эркектерге ата болуунун жоопкерчилиги да бар экенин жеткирип түшүндүрүү.

Уюмдун адистери жүргүзгөн сурамжылоого катышкан окуучу балдардын 40% атасын өзү үчүн мисал көрбөсүн, кыздардын 43% келечекте өмүрлүк жолдошу атасына окшош болушун каалабай турганын айтышкан.

Айрым Батыш өлкөлөрүндө аталар балалуу болгондо декретке чыгып багат, аларга мамлекет жөлөкпул төлөйт. Мындай укук кыргызстандык эркектерде да бар, бирок, адистердин айтымында, бул укугунан колдонгондор дээрлик жокко эсе.

“Азаттык”

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*