Тубаса оорулуу жаш балдар Германиядан акысыз дарыланат

Тубаса оорусу бар жаш балдар Германиядан бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-17-июнь күндөрү Ысык-Ата районунда, Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тубаса оорусу бар же денеси күйүп калган балдары кезек менен дарыгерлер тарабынан текшерилип, илдети эң оор дегендер Германияда акысыз дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат. Үч күн ичинде жалпысынан 224 бала текшерүүдөн өтөрү белгиленди.

“Кабарордо”

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*