Ош облусунун аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жана муктаж адамдарга өкмөттүн резервдик фондунан акчалай жардам берилди.
Өкмөт аппаратынын каттарды жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Ализа Солтонбекованын айтымында, жардамдар өлкө аймагындагы бардык райондордон кайрылган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бөлүштүрүлөт.
«Ош облусунун аймагынан бизге кайрылган мүмкүнчүлүгү чектелген жана муктаж адамдарга акчалай жардам берилди. Ушундай эле жардам Баткен облусундагы жашоочуларга көрсөтүлөт. Мындай колдоо көрсөтүү жыл сайын болуп келет. Бизге жер титирөөдөн жабыркагандар, майып адамдар, ар түрдүү шарттагы муктаж адамдар кайрылат», – деди ал.
Turmush
24.12.2016
http://osh.turmush.kg/news:316988/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Оставить комментарий